Үй Редактордун тандоосуИран менен Россиянын тышкы иштер министрлери Чолпон-Атада жолугушту. Видео

Иран менен Россиянын тышкы иштер министрлери Чолпон-Атада жолугушту. Видео

by Kanykey

Иран менен Россиянын тышкы иштер министрлери Аббас Аракчи жана Сергей Лавров Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын жыйынынын алкагында жолугушту.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1017280334502793%2F&show_text=false&width=660&t=0
Россия ТИМинин маалымат кызматы кабарлагандай, Тышкы иштер министрлери Перс булуңундагы учурдагы курчуп бараткан кырдаалды жана чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнүн коркунучта турган келечегин талкуулашты.

Россия тарап аймакта туруктуулукту, коопсуздукту жана тоскоолдуксуз кеме жүрүүнү калыбына келтирүү кызыкчылыгында согуштук аракеттерди токтотуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдерге тез арада жетишүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле бир катар учурдагы эки тараптуу маселелер талкууланды.

Бүгүн, 24-июль Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда бир нече чечимдерге кол коюлду.