Үй КАБАРЛАРУлуу Британиянын 80ден ашуун парламентарийи Израилге каршы санкция киргизүүгө чакырышты

Улуу Британиянын 80ден ашуун парламентарийи Израилге каршы санкция киргизүүгө чакырышты

by Kanykey

Маалымат булактарынын билдиришинче, Улуу Британиянын парламентинин 80ден ашуун мүчөсү Израилге каршы санкцияларды киргизүүгө чакырык жасашты.

Pars Today агенттиги IRNA агенттигине таянып билдиргендей, британ парламентинин депутаты Ричард Бергон өлкөнүн парламентиндеги эки палатанын — Общиналар палатасы менен Лорддор палатасынын — тогуз түрдүү саясий партиясынын өкүлү болгон 80ден ашуун парламентарий Израилге каршы кеңири масштабдагы санкцияларды киргизүүгө чакырган кайрылууга кол койгонун айтты.

Сунушталган санкциялардын катарына Израилге курал-жарак сатууга тыюу салуу, экономикалык санкцияларды киргизүү, ошондой эле Израилдин конуштарында өндүрүлгөн продукцияны сатып алууга жана сатууга тыюу салуу кирет.

Бул демилге Лейбористтер партиясы сунуштаган «Тынчтык үчүн санкциялар» мыйзам долбоору парламентте бир нече күн талкуулангандан кийин көтөрүлдү. Мыйзам долбоорунда радикал көз караштагы конуш тургундарына карата жаза чараларын көрүү жана Израилдин конуштары менен соода жүргүзүүнү токтотуу каралган.