28-июлда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун сүйлөшүүлөрү болду. Бул ушул жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга каршы жаңжалы башталгандан берки алардын алгачкы бетме-бет жолугушуусу болду. The Wall Street Journal гезити АКШ администрациясындагы жогорку кызматтагы булакка таянуу менен билдиргендей, жолугушууну уюштуруу оңой болгон эмес. Анткени америкалык лидер Израилдин премьер-министрине карата нааразычылыгын бир нече жолу билдирип, жардамчыларына аны менен жолугушууга да, сүйлөшүүгө да каалоосу ж ок экенин айткан.
The Wall Street Journal (WSJ) гезити расмий өкүлдөргө шилтеме берип, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Вашингтондогу учурдагы жолугушуусунда АКШ администрациясына тийгизген таасири АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон мурунку жолугушууларына караганда алсызыраак болгонун билдирди.
Аты аталбаган расмий өкүлдөрдүн айтымында, Нетаньяху Вашингтонго анча таасирдүү эмес келген жана “президент эмнени талкуулагысы келип жатканын же эмне аны кыжырдантышы мүмкүн экенин жакшы билген”.
«Кылым келишиминен» өз ара айыптоолорго чейин
Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө (2017–2021-жылдары) Израиль көп учурда АКШнын артыкчылыктуу өнөктөшү катары мүнөздөлүп, америкалык-израилдик мамилелердин «өзгөчө макамы» баса белгиленген. Ушул мезгилде АКШ өзүнүн элчилигин Иерусалимге көчүрүп, Израилдин Сириянын Голан дөңсөөлөрүнө болгон эгемендигин тааныган, ошондой эле Израиль менен БАЭ, Бахрейн, Судан жана Марокконун ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу боюнча келишимдердин («Авраам келишимдери») түзүлүшүнө ортомчулук кылган.
Мындан тышкары, Палестина-Израиль жаңжалын чечүү үчүн «Гүлдөп-өнүгүү үчүн тынчтык» деп аталган жөнгө салуу планын сунуштаган. Прессада «кылым келишими» деп аталып калган бул документ Израиль менен тынчтык келишими түзүлгөн шартта Палестина аймактарына жана араб өлкөлөрүнө экономикалык жардам көрсөтүүнү караган.
Нетаньяху ошол мезгилде Трампты «Ак үйдөгү Израилдин эң жакын досу» деп атаган. Бирок Трамп 2025-жылы Ак үйгө кайтып келгенден кийин кырдаал өзгөрүп, анын менен Израилдин премьер-министринин ортосунда бир катар маселелер боюнча пикир келишпестиктер жаралган. Негизги талаштар Израилдин Палестинанын Газа секторунда жүргүзгөн операциясынын, Иран менен жаңжалдын жана Израилдин Ливандын аймагындагы «Хезболлага» каршы операциясынын айланасында жүргөн.
Газадагы согуш жана барымтадагылар боюнча келишим
2025-жылы союздаш өлкөлөрдүн мамилесиндеги олуттуу сыноолордун бири Израилдин Коргоо армиясы 2023-жылдын октябрынан бери Газа секторунда палестиналык ХАМАС кыймылына каршы жүргүзүп келген операцияны аяктоо боюнча пикир келишпестиктер болду.
Согуштук жаңжалдарды токтотуу аркылуу тарыхта тынчтык орнотуучу катары калууну максат кылган Трамп согуш аракеттерин токтотууну талап кылган. Ал эми Израилдин премьер-министри ХАМАСты толук жеңүүгө жетишүүнү жактаган. Ошого карабастан, ал АКШ президентинин Газа секторуна тышкы башкарууну киргизүүнү жана ал жакка тынчтык орнотуучу күчтөрдү жайгаштырууну караган планына макул болгон.
2025-жылдын 5-октябрында Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда ал барымтадагыларды бошотууга макул болгон, бирок куралсызданууга милдеттенме албаган ХАМАСтын жообун Американын демилгесин иш жүзүндө четке кагуу катары мүнөздөп, “майрамдай турган эч нерсе жок” жана ХАМАСтын жообу “эч нерсени билдирбейт” деп билдирген.
Америкалык Axios жаңылык порталынын булактарга таянуу менен жазганына караганда, Трамп ага: «Бул — жеңиш, аны кабыл алгыла», — деп жооп берген. Америкалык лидер Нетаньяхуда башка жол жок экенин кошумчалаган. Басылманын маалыматына ылайык, лидерлердин сүйлөшүүсү орой сөздөрдү колдонуу менен өткөн.
Иранга каршы операция. Трамп менен Нетаньяхунун ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер
Трамптын Ирандын өзөктүк программасына карата риторикасы катаал бойдон калганы менен, ал 2025-жылдын 5-февралында бул маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү артыкчылыктуу багыт катары ачык белгилеген. Ошол эле учурда ал Израилди Ислам Республикасы менен аскердик тирешүүдөн сак болууга чакырган.
2026-жылдын февраль айында АКШ менен Иран Омандагы Маскат шаарында жана Швейцариянын Женева шаарында бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. NBC телеканалы булактарга таянуу менен билдиргендей, сүйлөшүүлөр «ийгиликке жетүүгө жакын калган», бирок Израиль «дипломатиялык жөнгө салууга тоскоолдук кылуу үчүн кийлигишкен».
2025-жылдын июнь айында АКШнын куралдуу күчтөрү Ирандын өзөктүк объектилерине бир катар сокку урган. Муну менен АКШ Израилди Иранга каршы 12 күнгө созулган согушта колдогон.
2026-жылдын 28-февралында АКШ Израиль менен биргеликте кайрадан Иранга каршы чабуулдарды баштаган. Операциянын алгачкы этабында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тыгыз бойдон калган, лидерлер үзгүлтүксүз байланышта болуп, аскердик аракеттер координацияланып турган. Бирок бир нече жумага эсептелген аскердик кампания узакка созулган тирешүүгө айланган сайын, Трамп менен Нетаньяхунун ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер пайда болгон.
The Wall Street Journal гезити Ак үйдөгү булактарга таянуу менен жазгандай, Трамп аскердик операция «анын президенттик мөөнөтүн жалмап жаткандыгына» жана 2026-жылдын ноябрында Конгресске өтө турган аралык шайлоолордун алдында республикачылардын позициясын начарлатып жатканына кыжырданган. Гезиттин булагынын айтымында, Трамп Нетаньяхунун чалгындоо маалыматтарына таянып, «эмне үчүн бир нерсени жардыруу керек экенин» далилдеген телефон чалууларынан тажаган.
2026-жылдын 17-июнунда Вашингтон менен Тегеран өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Ага Ирандын деңиз блокадасын алып салуу жана бардык аймактарда, анын ичинде Израил армиясы Хезболла менен согушуп жаткан түштүк Ливанда согуштук аракеттерди токтотуу кирген. Бирок, Израил өз аскерлерин Ливандан чыгарып кетүүдөн баш тартып, Вашингтон менен Тегерандын чыр-чатакты чечүү аракеттерине тоскоолдук кылган.
Ливан фронту
2026-жылдын июнь айында Нетаньяху «Хезболланын» инфраструктурасына бир катар ракеталык соккуларды урууга уруксат берген. Трамп бул аракеттерди Ирандын сүйлөшүү процессинен чыгып кетишине түрткү болгон кыжырдантуучу фактор катары баалаган. Алардын ортосундагы чыңалуунун туу чокусу 2026-жылдын 1-июнунда болгон телефон сүйлөшүүсү болгон. Америкалык жана израилдик маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Трамп Нетаньяхудан Бейрутка жасалган аба соккуларын токтотууну талап кылган.
Ал Нетаньяхуну «акылынан айнып калган» деп атап, «мен болбосом түрмөдө отурмаксың, азыр бардыгы сени жек көрөт, сенден улам бардыгына Израиль жаман көрүнүп жатат» деп зекиген.
АКШ администрациясынын чиновниктеринин бири бул сүйлөшүүнү Трамп 2025-жылдын январында президенттик кызматка кайтып келгенден берки эң оор сүйлөшүүлөрдүн бири катары мүнөздөгөн.
The Wall Street Journal басылмасындагы маалыматка ылайык, ушул окуядан кийин Трамп өзүнүн айланасындагылар менен сүйлөшүүлөрүндө Нетаньяхуга чалууга да, аны менен жолугушууга да ниети жок экенин бир нече жолу айткан.
Соода саясатынын өзгөрүшү
АКШ менен Израилдин мамилесинин өзгөргөнүн көрсөткөн маанилүү окуялардын бири Трамптын Израилден импорттолгон товарларга 17 пайыздык бажы төлөмүн киргизүү чечими болду. Израилде бул кадам Вашингтон менен мамилелердеги өзгөчө макамдан ажырап бара жатканынын белгиси катары кабыл алынган.
Нетаньяху шашылыш түрдө АКШдан импорттолуучу товарларга карата Израилдин тарифтерин нөлгө түшүргөн. Бирок бул АКШнын тарифтерди киргизүүсүнө тоскоол болгон жок.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, Израиль өкмөтүнүн каржы-экономикалык блогунун өкүлдөрү болгон окуяны «дипломатиялык катастрофа» деп баалашкан. Алар лидерлердин жеке мамилелери мындан ары артыкчылыктарды камсыз кылбай калганын түшүнүшкөн.
АКШда Израилди колдоонун төмөндөшү
Трамптын администрациясынын Израилге карата саясатын өзгөртүүсү көп жагынан коомдук маанайдын өзгөрүшүнө байланыштуу. АКШда Израилди колдоонун төмөндөшү байкалууда. Буга Израилдин Вашингтонду Тегеран менен жаңжалга тартканы тууралуу айыптоолор да себеп болууда.
Сурамжылоолордун жыйынтыгына ылайык, 2025-жылы палестиналык тарапка боор тарткан америкалыктардын үлүшү биринчи жолу Израилге тилектештик билдиргендердин үлүшүнөн ашкан. Америкалык Pew Research Center изилдөө уюму Израилди терс кабыл алгандардын үлүшү 2022-жылы 42 пайыз болсо, 2026-жылдын апрелине карата 60 пайызга чейин өскөнүн каттаган.
Американын алдыңкы басылмалары жазгандай, мындай шартта жана Конгресске шайлоолор жакындап келе жаткан учурда Ак үй америкалык коомчулукка Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу азайып жатканын жана экономика жаңы согуштун барымтасына айланбай турганын көрсөтүшү керек.
Нетаньяху үчүн да кырдаал анча жеңил эмес. 2026-жылдын октябрында Израилде мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүшү керек. Израилдин премьер-министрине шайлоочуларга көп жылдарга созулган аскердик кампания белгилүү бир ийгилик менен аяктаганын жана Иран же «Хезболла» өзүнүн аскердик потенциалын калыбына келтирип, кайрадан Израилге коркунуч жарата турган кырдаал болбой турганын далилдөө зарыл.
Коомчулуктагы билдирүүлөр
2026-жылдын февралынан бери жеке жолугушуулар болбогонуна жана маал-маалы менен кыжырдануу күчөгөнүнө карабастан (2025-жылы Нетаньяху Вашингтонго жети жолу барган, анын акыркы сапары 2026-жылдын 11-февралында болгон), Трамп менен Нетаньяхунун коомчулук алдындагы риторикасы сылык бойдон калууда.
2026-жылдын 5-июлунда Fox News телеканалына берген маегинде Нетаньяху Вашингтон менен Иран маселеси боюнча эч кандай пикир келишпестик жок экенин, эки өлкөнүн Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу максаттары дал келерин билдирген.
7-июлда CNN телеканалынын эфиринде ал «маал-маалы менен пикир келишпестиктер» болушу мүмкүн экенин моюнга алып, муну ар бир лидердин улуттук кызыкчылыктарды коргоого болгон табигый умтулуусу менен түшүндүргөн.
Ал эми Трамп 14-июлда радио алып баруучусу Хью Хьюитт менен болгон маегинде Нетаньяхуну колдоо токтотулду деген билдирүүлөрдү четке каккан. Ал Нетаньяхуну «согуш мезгилиндеги премьер-министр» деп атап, анын «өз ишин жакшы аткарып жатканын» билдирген.
Ошол эле учурда америкалык президент Нетаньяху менен пикир келишпестиктерин жашырбай турганын жана маал-маалы менен «өзүнүн туура болуп чыккан учурлары болорун» белгилеген.
Булак: ТАСС агенттиги