Жаңыланган «Хадид-110» ирандык учкучсуз учуучу аппараты жогорку ылдамдыгы жана радарга аз байкалуучу өзгөчөлүгү менен өлкөдөгү эң заманбап жана күчтүү куралдардын бири болуп эсептелет.
The Telegraph басылмасынын маалыматына ылайык, АКШнын абадан коргонуу системаларын айланып өтүүгө ылайыкташтырылган жаңыланган «Хадид-110» мурдагы моделдерге салыштырмалуу төмөн бийиктикте учат, кыйла ылдам жана радарлар үчүн азыраак байкалат. Ал турбореактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылып, саатына 480 чакырымдан ашык ылдамдыкка жете алат.
Макалада белгиленгендей, бул камикадзе-дрон былтыр согуштун алгачкы соккулары маалында Ирандын ошол учурдагы жетекчилигине биринчи жолу көрсөтүлгөн.
Ирандын көпчүлүк сокку уруучу дрондору винттүү кыймылдаткычтар менен жабдылып, жайыраак учса, «Хадид-110» турбореактивдүү кыймылдаткыч менен иштейт. Ирандык маалымат булактары анын эң жогорку ылдамдыгы 499 км/саатка жетерин билдиришет. Бул аны Иранга белгилүү болгон эң ылдам дрондордун бири кылат.
Дрон катуу отун менен иштеген ылдамдаткычтын жардамы менен учурулуп, ал аппаратты керектүү бийиктикке жана ылдамдыкка жеткиргенден кийин турбореактивдүү кыймылдаткыч ишке кирет. Бул система дронду согуш талаасына тез жеткирүүгө мүмкүндүк берип, ага олуттуу артыкчылык жаратат.
Радарларга аз байкалуу үчүн иштелип чыккан бул камикадзе-дрон «стелс» конструкциясына ээ. Анын болжолдуу учуу аралыгы 350 чакырымды, ал эми учуу бийиктиги 9 чакырымды түзөт. Аппарат абада 1 саатка чейин уча алат жана болжол менен 30 килограммдык жарылуучу согуштук бөлүктү көтөрүп жүрөт. Ракеталык учуруу системасы аны ар кандай платформалардан тез жайгаштырууга шарт түзөт.
Абадан коргонуу системалары жакындап келе жаткан буталарды аныктап, көзөмөлгө алып, аларды жок кылуу үчүн тосуп алуучу ракеталарды өз убагында учуруу принциби менен иштейт. Бирок бутанын ылдамдыгы канчалык жогору болсо, абадан коргонуу системаларынын реакция кылуу убактысы ошончолук кыскарат.
The Telegraph белгилегендей, жаңыланган «Хадид-110» дал ушул убакытты мүмкүн болушунча кыскартуу жана абадан коргонуу системалары тосуп жеткенге чейин бутага жетүү үчүн иштелип чыккан.
Мындан тышкары, анын формасы да радарлар тарабынан аныкталууну кыйындатуу үчүн атайын жасалган. Ирандык адистер бул аппаратты винттери сырттан көрүнбөгөн, аба агымын жакшы өткөргөн аэродинамикалык конструкцияга ээ дрон катары мүнөздөшөт.