Үй ДайджестИрандын күчтөрү агрессорго жардам берген өлкөлөр катуу жооп аларын эскертти

Ирандын күчтөрү агрессорго жардам берген өлкөлөр катуу жооп аларын эскертти

by Kanykey

Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу билдирүү жасап, Иранга каршы чабуулдарга көмөк көрсөтүп жаткан мамлекеттерге катуу жооп кайтарыларын эскертти. Бул тууралуу ИРНА агенттиги маалымдады.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө, агрессорго жардам берген мамлекеттер «өз аракеттерин оңдобосо, катуу жоопко туш болору» айтылган.

«Ормуз кысыгы — биздин аймак. Ислам революциясынын сакчылар корпусу Аскер-деңиз күчтөрү аны ишенимдүү көзөмөлдөп турат жана миңдеген чакырым алыстан келген бөтөн күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жол берилбейт», — деп айтылат билдирүүдө.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалыматына караганда, өткөн түнү эки мунай танкери Ормуз кысыгынын түштүк бөлүгүндөгү кооптуу маршрут аркылуу өтүүгө аракет кылган. Натыйжада танкерлердин биринде катуу өрт чыккан. Ошондон кийин эки кеме тең багытын өзгөртүп, артка кайтууга аргасыз болгон.

Билдирүүдө Ормуз кысыгы «АКШ бийлигинин коркутуулары жана аймактагы деңиз кыймылдарына кийлигишүүсү уланып турган шартта ачылбай турганы» айтылып, мындай коркутуулар жана кийлигишүүлөр кырдаалды ого бетер татаалдаштырары белгиленди.

АКШ президенти Дональд Трамп 8-июлда 18-июнга караган түнү жетишилген ок атышууну токтотуу боюнча келишим мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген. Андан кийинки күндөрү америкалык аскерлер Ирандын аймагына бир нече ирет сокку урган. Вашингтон бул чабуулдарды Иран Ислам Республикасы Ормуз кысыгынан өтүп жаткан коммерциялык кемелерге каршы аракеттерди жасагандан кийин жүргүзүүгө туура келгенин билдирген.

Буга жооп катары Тегеран Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө жайгашкан америкалык аскер базаларына сокку урган. Ошондой эле Иран Ормуз кысыгын жапканын жарыялап, Ак үйдү ок атышууну токтотуу боюнча меморандумдун шарттарын бузду деп айыптаган.

Бир канча күн сокку алмашуулардан кийин чыңалуу басаңдаган. Бирок 30-июлга караган түнү АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иранга каршы соккулардын жаңы толкуну башталганын билдирип, Ирандын бир катар аймактарына сокку урду. Кийинчерээк CENTCOM сокку уруулар толкуну аяктаганын маалымдады.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу Иранга жасалган соккулар үчүн «агрессорду жазалай турганын» билдирди.

«Бүгүн агрессор жазаланат», — деп айтылат Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө.