Казакстандын борбору Астанада салтанаттуу ачылыш аземи менен салттуу спорт түрлөрүн жана киберспортту айкалыштырган эл аралык «Келечек оюндары – 2026» мелдеши старт алды.

Астанадагы «Казакстан» спорт комплексинде өткөн ачылыш аземине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден тышкары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле Россиянын, Беларустун, Азербайжандын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын спорт министрлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана көптөгөн коноктор катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн президент Токаев өлкө үчүн мындай иш-чараны кабыл алуу чоң сыймык экенин белгилеп, «Келечек оюндары» спорт менен заманбап технологияларды бириктирген маанилүү аянтчага айланганын айтты.
Токаев уюштуруучуларга видеокайрылуу жолдогон Россиянын президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, бул долбоор Россиянын демилгеси менен ишке ашырылып, кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн көңүлүн бурганын белгиледи.
Алгачкы оюндар Россиянын Казань шаарында, экинчиси Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөнүн эске салган Токаев быйыл Астана 34 өлкөдөн келген 800дөн ашуун спортчуну кабыл алганын билдирди.

1 of 15

Мамлекет башчысы Астанадагы мелдеш салттуу спорт менен киберспортту айкалыштырган «фиджитал» кыймылынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирип, дүйнө терең өзгөрүүлөр доорун баштан кечирип жатканын жана жаңы технологиялар жашоонун бардык тармактарын өзгөртүп жатканын белгиледи.
Токаев Казакстан «санариптик мамлекетти» куруу максатында маанилүү кадамдарды жасап жатканын айтып, өлкөдө «Санариптик чөйрө жөнүндө мыйзам» жана «Жасалма интеллект жөнүндө мыйзам» кабыл алынганын билдирди. Ошондой эле 1-июлдан тартып күчүнө кирген жаңы Конституцияда жарандардын санариптик чөйрөдөгү укуктарын кепилдеген жана жасалма интеллекттин өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн инновациялык жоболор камтылганын белгиледи.
Ал 2026-жыл Казакстанда «Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы» деп жарыяланганын эске салып, мамлекет жаңы муундагы адистерди даярдоо боюнча иштерди улантып жатканын айтты.
Президенттин айтымында, «Келечек оюндары» дене күчү менен интеллектти, ошондой эле салттуу спорт менен санариптик технологияларды айкалыштырат. Ал бул иш-чара ар түрдүү маданияттарды жакындатып, эл аралык тилектештикти чыңдоого кызмат кыларын белгиледи.
Жаш спортчуларга кайрылган Токаев алардын билими, таланты жана максатка умтулуусу келечекти курууда маанилүү роль ойной турганын айтып, оюндар жаңы достук байланыштарды түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
Ачылыш аземи казакстандык өнөрпоздордун катышуусундагы театралдаштырылган көрсөтүүлөр жана концерттик программа менен жыйынтыкталды.
34 өлкөдөн 800дөн ашуун спортчу катышат
Мелдештер 9-августка чейин уланып, аларга 34 өлкөдөн келген 800дөн ашуун спортчу катышат.
Турнирдин алкагында сегиз дисциплина боюнча күч сынашуулар өтөт. Алардын катарына виртуалдык футбол, виртуалдык баскетбол, виртуалдык согуш өнөрү, виртуалдык ок атуу, виртуалдык бий, ошондой эле Dota 2, Mobile Legends: Bang Bang жана PUBG: Battlegrounds киберспорттук дисциплиналары кирет.