Үй АНАЛИТИКАРоссиянын Сириядагы базаларынын тагдыры чечилди: Хмеймим жана Тартус Сирия бийлигине өткөрүлүп берилет

Россиянын Сириядагы базаларынын тагдыры чечилди: Хмеймим жана Тартус Сирия бийлигине өткөрүлүп берилет

by Kanykey

Москва менен Дамаск өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшуп, Сириядагы Россиянын аскердик базаларынын макамы боюнча маселени чечишти. Хмеймим аэропорту жана Тартус портундагы кеме токтоочу жай (причал) Сириянын жарандык бийлигине өткөрүлүп берилет. Ал эми аскердик базалардын өзү сириялык аскерлерди даярдоочу биргелешкен борборлорго айландырылат.

Бул тууралуу SANA агенттиги Сириянын Тышкы иштер жана миграция министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Бул объектилердин келечеги боюнча сүйлөшүүлөр Сирияда бийлик алмашкандан бери, башкача айтканда, бир жарым жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлүп келген.

«Бир жарым жылга созулган интенсивдүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Хмеймим жана Тартустагы Россиянын эки базасынын тагдыры акыры өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга жетишүү аркылуу чечилди. Бул документ эки тараптын мамилелеринин кийинки этабынын негизги багыттарын аныктайт», — деп билдиришти Сириянын Тышкы иштер министрлигинен.

Министрлик Россиянын Сириядагы катышуусун «кайра уюштуруу» башталганын жарыялады.

Сириянын жарандык объектилери, анын ичинде Хмеймим аэропорту жана Тартус портундагы коммерциялык кеме токтоочу жай, «жарандык башкаруу системасына интеграциялоо» үчүн Сирия бийлигинин көзөмөлүнө өткөрүлөт.

Аскердик базалары болсо «кайра багытталып», сириялык аскерлерди окутуу жана даярдоо боюнча биргелешкен борборлорго айландырылат.

Өткөөл мезгил үч айга созулат. Сириянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, бул кадам «Сирия менен Россиянын мамилелеринде жаңы этапка жол ачат».

Ошол эле учурда Хмеймим аэропортун көзөмөлдөө Сириянын Дамаск бийлигине буга чейин эле, 9-июлда өткөрүлүп берилгени жарыяланган. Бул тууралуу Сирия Араб Республикасынын Жарандык авиация жана аба транспорту боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жакынкы убакта ведомство аэропортту калыбына келтирүү жана ишке киргизүү үчүн зарыл болгон техникалык жана операциялык жол-жоболорду аяктайт. Бул авиакаттамдарды кабыл алууну баштоого, аймактын башка провинциялар менен, ошондой эле аймактык жана эл аралык багыттар боюнча авиациялык байланышын чыңдоого мүмкүндүк берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле SANA агенттиги Сириянын Тышкы иштер министри Асад Хасан аш-Шибанинин Хмеймимдеги аэропортко жана Тартус портуна барып, Сирияга өткөрүлүп бериле турган объектилерди текшергенин билдирди.

2024-жылдын 8-декабрында «Хаят Тахрир аш-Шам» тобунун согушкерлери Сириянын президенти Башар Асадды жана өлкөнүн өкмөтүн бийликтен кулатып, республикада бийликти басып алышкан. 11-декабрга карата алар Россиянын эки аскердик базасы жайгашкан Латакия провинциясына да толук көзөмөл орнотушкан.

Кийинчерээк ТАСС агенттиги өз булагына таянып, Москва Сириянын жаңы бийлиги менен Россиянын аскердик объектилерин сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россиянын Хмеймим жана Тартустагы аскердик катышуусу Сириянын жаңы өкмөтү менен «олуттуу сүйлөшүүлөрдүн» предмети болорун айткан.

2025-жылдын 28-январында Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов баштаган россиялык делегация аскердик базалардын келечегин талкуулоо үчүн Дамаскка барган. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сириянын жаңы бийлиги Москвадан «ишенимди калыбына келтирүү» үчүн компенсация төлөөнү талап кылган.

2025-жылдын 12-февралында РФ президенти Владимир Путин Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. 15-октябрда аш-Шараа биринчи жолу Москвага барып, Владимир Путин аны жеке өзү кабыл алган. Ал эми 2026-жылдын 29-январында эки өлкөнүн лидерлери Кремлде жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

10-июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова брифинг учурунда Сириянын бийлиги менен Орусиянын аскердик базаларынын тагдыры, анын ичинде алардын функцияларын өзгөртүү маселеси талкууланып жатканын ырастаган.

Ал эми 9-августта Россиянын Сириядагы базалары мындан ары сириялык аскерлерди даярдоочу биргелешкен борборлорго айландырылары расмий жарыяланды.