Үй КАБАРЛАРWSJ: Трамп Ормуз кысыгын ачуу аркылуу жеңишке жетүүнү көздөп жатат

WSJ: Трамп Ормуз кысыгын ачуу аркылуу жеңишке жетүүнү көздөп жатат

by Kanykey

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен жаңжалды өзөктүк келишим түзбөстөн эле аяктоону карап жатат.

Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы өз булактарына таянып маалымдады.

Басылманын маалыматына караганда, Трамп кеңешчилери менен жабык сүйлөшүүлөрүндө Ормуз кысыгында кеме жүрүү каттамдарынын кайра жанданышын эле жеңиш катары көрсөтө аларын билдирген. Ал толук кандуу өзөктүк келишим түзүүдөн баш тартуусун Иран президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин өзөктүк программасын калыбына келтирүүгө жетишпейт деген жүйө менен түшүндүргөн. Өткөн жылы Ирандын үч негизги өзөктүк объектиси жок кылынган, ал эми жаңы соккулардын коркунучу жетиштүү деңгээлде бөгөт коюучу фактор болот деп эсептелген.

WSJ жазгандай, Ак үйдүн позициясына АКШдагы жакындап келе жаткан аралык шайлоолор жана бензиндин кымбатташы да таасир берүүдө.

Бирок жыйынтыгында Иран тарап АКШдан миллиарддаган доллар өлчөмүндө репарация төлөөнү, активдерди тоңдуруудан чыгарууну, деңиз блокадасын алып салууну жана америкалык аскерлерди аймактан чыгарууну талап кылууда.

Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ коюлган шарттарды аткармайынча Ормуз кысыгы ачылбай турганын билдирген.

WSJ сурамжылаган эксперттердин айтымында, Иран Трамптын жеңишти мүмкүн болушунча тез жарыялоого болгон умтулуусунан пайдаланып, сүйлөшүүлөрдү атайылап создуктуруп жатат.