Ирандын Куралдуу күчтөрүндө учурулгандан кийин да траекториясын өзгөртө алган баллистикалык ракеталар бар. Алар душмандын абадан коргонуу системаларын айланып өтүүгө жөндөмдүү.
Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) өкүлү Хосейн Мохеби билдирди.
Анын айтымында, Ирандын ракеталары мурдагыдай бир жерден учурулуп, белгиленген башка жерге гана түшүүчү жөнөкөй ракеталардан кыйла айырмаланат.
«Биздин ракеталардын мүмкүнчүлүктөрү мурдагыдай эмес. Азыр алар башкарылуучу болуп, айрымдары учуу учурунда траекториясын өзгөртүп, душмандын абадан коргонуу системаларынын алдында маневр жасай алат», — деген анын сөздөрүн Fars агенттиги келтирди.
Мохеби ракетага белгилүү бир бута коюлса да, аны учуунун ортосунда өзгөртүп, экинчи бутага дайындоого болорун түшүндүрдү.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлүнүн айтымында, заманбап согуш технологиялардын таймашына айланды. Анда тараптар илим, технология жана жасалма интеллект тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү менен атаандашат.
«Кимдин технологиясы өнүккөн болсо, ошол тарап жеңишке жетет», — деди Мохеби.