Үй АНАЛИТИКАТ. Мамытов: “Мекке  келишими: аймактык коопсуздукту камсыз кылуунун жаңы механизми”

Т. Мамытов: “Мекке  келишими: аймактык коопсуздукту камсыз кылуунун жаңы механизми”

by Kanykey

7-августта Сауд Аравиясы, Түркия жана Пакистан тарабынан кол коюлган Мекке биргелешкен коргонуу келишимин, биринчи кезекте, үч мамлекеттин өз ара коопсуздугун чыңдоого жана коргонуу жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган механизм катары кароого болот.

Мындай пикирин Мамлекеттик жана саясий ишмер, саясий илимдердин доктору, эксперт  Токон Мамытов “Евразия Тудей”агенттигине билдирди.

“Расмий билдирүүлөргө ылайык, келишим кандайдыр бир конкреттүү мамлекетке каршы багытталган эмес. Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан да бул документти Иранга же башка конкреттүү мамлекетке каршы багытталган келишим катары кароого болбой турганын белгиледи.

Келишим жамааттык коргонуу принцибин карайт: тараптардын бирине карата жасалган куралдуу кол салуу бардык катышуучулар үчүн коркунуч катары бааланат. Муну менен Анкара, Эр-Рияд жана Исламабад мүмкүн болуучу коопсуздук коркунучтарына өз алдынча жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну жана коргонуу жаатындагы өз ара координацияны күчөтүүнү көздөшүүдө. Ошол эле учурда бул келишимдин пайда болушун Жакынкы Чыгышта жана Түштүк Азияда болуп жаткан кеңири геосаясий процесстерден бөлүп кароого болбойт. Аймакта ракеталык жана учкучсуз аппараттардан келип чыккан коркунучтар, аскердик-саясий чыңалуунун күчөшү, стратегиялык жана маанилүү инфраструктуранын коопсуздугуна байланышкан тобокелдиктер, ошондой эле улуттук эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу маселелери курч бойдон калууда. Пакистан үчүн Индия багыты жана Кашмир маселеси өзгөчө мааниге ээ. Сауд Аравиясы үчүн өлкөнүн аймагынын коопсуздугун камсыз кылуу, стратегиялык жана маанилүү инфраструктураны коргоо, ошондой эле Перс булуңундагы туруктуулукту сактоо артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Ал эми Түркия өзүнүн стратегиялык автономиясын чыңдоого жана аймактык коопсуздуктун көп тараптуу механизмдерин өнүктүрүүгө умтулууда” , – дейт Токон Мамытов.

Ал белгилегендей, Мекке келишимин кандайдыр бир мамлекетке каршы багытталган аскердик-саясий союз катары мүнөздөө туура эмес. Мындай баалар саясий интерпретация болуп саналат жана келишимдин расмий жарыяланган максаттарын чагылдырбайт.

“Ошол эле учурда бул келишим кеңири геосаясий мааниге ээ. Ал бир катар мусулман мамлекеттеринин тышкы күчтөрдүн коопсуздук жаатындагы кепилдиктерине гана таянбастан, жамааттык коопсуздукту камсыз кылуунун кошумча механизмдерин түзүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт. Ушул өңүттөн алганда, Мекке келишими аймактагы стратегиялык автономиянын калыптанып жаткан жаңы системасынын элементтеринин бири болуп калышы мүмкүн. Келишимдин үч тараптуу форматы да өзгөчө мааниге ээ. Сауд Аравиясы олуттуу финансылык жана энергетикалык ресурстарга ээ болсо, Түркия өнүккөн аскердик-өнөр жай комплексине жана олуттуу аскердик потенциалга ээ.

Ал эми Пакистан ири куралдуу күчтөргө жана өзөктүк потенциалга ээ мамлекет болуп саналат. Бул үч өлкөнүн коргонуу жаатындагы координациясы жаңы форматтын стратегиялык салмагын объективдүү түрдө жогорулатат. Ошол эле учурда азырынча Мекке келишимин НАТОго толук окшош түзүмдүн же бирдиктүү “исламдык аскердик блоктун” түзүлүшү катары баалоого эрте. Мындай деңгээлге жетүү үчүн институционалдык механизмдерди мындан ары да тереңдетүү, туруктуу координациялоо системасын түзүү, биргелешкен аскердик пландаштыруу жүргүзүү, өз ара аскердик жардам көрсөтүүнүн конкреттүү жол-жоболорун аныктоо жана жамааттык коргонуунун мүмкүн болуучу сценарийлери боюнча бирдиктүү түшүнүктү калыптандыруу зарыл”,  – деп кошумчалады ал.

Саясатчы баса белгилегендей, Мекке келишимин кимдир бирөөгө каршы багытталган келишим катары эмес, Сауд Аравиясы, Түркия жана Пакистандын ортосунда жамааттык коопсуздукту жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуунун кошумча механизмин түзүүгө багытталган кадам катары кароо максатка ылайыктуу. Анын мындан аркы өнүгүшү бул формат үч тараптуу механизм катары гана кала турганынбы же аймактык коопсуздук жаатындагы кеңири кызматташтыктын жаңы платформасына айлана турганын көрсөтөт.

Эскерте кетсек, өткөн жуманын аягында Сауд Арабия, Түркия жана Пакистан АКШ менен Ирандын ортосундагы согуштун шартында биргелешкен коргонуу келишимин түзүштү. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги келишимге ылайык, үч өлкөнүн бирине жасалган кол салуу “келишимдин бардык катышуучуларына каршы жасалган кол салуу” катары караларын билдирген.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева