Үй АНАЛИТИКАХаменеи Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жаңы башчысын жана КСИРдин жаңы кол башчысын дайындады

Хаменеи Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жаңы башчысын жана КСИРдин жаңы кол башчысын дайындады

by Kanykey

Ирандын Жогорку лидери Моджтаба Хаменеи өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жаңы башчысын жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүгү) жаңы башкы кол башчысын дайындаганын жарыялады. Бул тууралуу Fars News агенттиги жазды.

Генерал-майор Ахмад Вахиди Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кол башчысы болуп дайындалды.

Ахмад Вахиди

Ал эми генерал-майор Мостафа Иззади анын орун басары болуп дайындалды.

Мостафа Иззади

Авиация генерал-майору Али Абдоллахи Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды.

Али Абдоллахи

Анын орун басарлыгына бригадалык генерал Киюмарс Хейдари дайындалды.

Киюмарс Хейдари

Мындан тышкары, Ирандын Жогорку лидери Моджтаба Хаменеи адмирал Али Азимини Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) Аскер-деңиз күчтөрүнүн кол башчысы кызматына дайындады.

Али Азими

Ошондой эле Жогорку лидердин жарлыгы менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунун алдындагы «Басиж» уюмунун башчылыгына Ирандын мурдагы чалгын министри Хосейн Тайеб дайындалды.

Хосейн Тайеб

Буга чейин Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мохаммад-Багер Зольгадр Хаменеинин саясий маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалганы маалымдалган.

Мохаммад-Багер Зольгадр

Ал эми Ислам революциясынын сакчылар корпусунун мурдагы башкы кол башчысы жана Ирандын Жогорку лидеринин кеңешчиси Мохсен Резаи Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган.

Мохсен Резаи

Белгилей кетсек, алардын кызматтагы мурунку жетекчилери Иранга жасалган АКШ-Израилдин чабуулдарынын натыйжасында каза болушкан.

АКШ менен Израиль Иранга каршы согушту 28-февралда баштаган. Июнь айында Вашингтон менен Тегеран өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда да согуш аракеттерин токтоосуз токтотуу каралган.

Бирок 8-июлга караган түнү АКШ Иранга каршы масштабдуу соккуларын кайрадан баштаган. Буга жооп катары Иран аймактагы АКШнын аскердик базаларына сокку урган.

8-августта АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс акыркы бир нече күндүн ичинде АКШ Иран менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдө белгилүү бир прогресске жетишкенин билдирген.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Оман Ормуз кысыгынан кемелердин өтүүсү үчүн маршруттун географиялык багыты боюнча өз ара макулдашууга жетишкенин билдирген.