Түркия, Пакистан жана Сауд Аравиясынын ортосунда түзүлгөн өз ара коргонуу келишими — мусулман дүйнөсү үчүн абдан кызыктуу жана, балким, тарыхый мааниге ээ болгон прецедент.
Чындыгында, бул келишимдин алкагында үч мамлекеттин олуттуу ресурстары биригип жатат: Пакистандын өзөктүк потенциалы жана ири армиясы, Түркиянын күчтүү аскердик жана аскердик-өнөр жай потенциалы, ошондой эле Сауд Аравиясынын эбегейсиз каржылык мүмкүнчүлүктөрү.
Бул союзду ЖМКлар «исламдык НАТО» деп атай башташты. Балким, азырынча ага мындай аныктама берүү эрте. Бирок ири мусулман мамлекеттеринин ортосунда жамааттык коопсуздуктун ушундай механизмдин пайда болушунун өзү чоң мааниге ээ.

Албетте, бул күч аймактагы АКШнын кызыкчылыктарын ишке ашыруунун куралы катары колдонулбайт деп ишенгиң келет. Иран азырынча жаңы союзду өзүнө коркунуч катары карабайт жана тышкы күчтөрдүн катышуусуз, аймактагы мамлекеттердин өз күчү менен коопсуздук системасын түзүү принцибин оң баалап жатат.
Бирок бул жерде, менин оюмча, негизги маселе башкада. Биз аймактагы коопсуздук архитектурасынын бүтүндөй өзгөрүшүнүн башталышына күбө болуп жатабыз. Ондогон жылдар бою араб монархиялары өз коопсуздугунун негизги кепилдиги катары Америка Кошмо Штаттары менен аскердик союзду жана алардын аймактагы аскердик базаларынын болушун карап келишкен.
Акыркы окуялар парадоксалдуу жагдайды көрсөттү: ондогон жылдар бою аймактын «коопсуздугунун кепили» катары чыгып келген АКШ, чындыгында, негизинен Израилдин кызыкчылыктарын коргоп келген. Натыйжада Перс булуңундагы мамлекеттер үчүн АКШнын аскердик базалары коопсуздуктун кепилдиги болбостон, тескерисинче, аскердик тобокелдиктердин жана туруксуздуктун булагына айланды.
Дал ушул себептен аймактагы мамлекеттер өздөрүнүн каршылык көрсөтүү жана жамааттык коопсуздук механизмдерин издей башташты.
7-августта Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистан коргонуу тууралуу биргелешкен келишимге кол коюшту. «Мекке келишими» деп аталган үч тараптуу коргонуу пактына ылайык, Түркия, Сауд Аравиясы же Пакистандын кайсынысына болбосун жасалган куралдуу кол салуу келишимге катышкан үч өлкөнүн баарына жасалган чабуул катары бааланат.
Документте келишимдин негизги максаты ар кандай агрессияны биргелешип токтотуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү жана мамлекеттер ортосунда коргонуу жаатындагы кызматташтыкты бардык багыттар боюнча өнүктүрүү экени белгиленген. Пакт жалаң гана коргонуу мүнөзүнө ээ болуп, үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес. Ошондой эле келишимге аймактагы башка мамлекеттердин кошулуусуна жол ачык.
Жаңы союздун келечеги кандай болорун — ал кагаз жүзүндө гана калып калабы, Иранды кармап туруу максатында түзүлөбү же чындап эле өз алдынча күчтүү блок түзүүгө багыт алабы — муну убакыт көрсөтөт.
Бул союз ири согуштун алдын алууга багытталган кармоочу факторго айланышы мүмкүн. Ошол эле учурда аймакта жаңы тирешүү сызыктарынын пайда болушуна да алып келиши ыктымал.
Бирок анын пайда болушунун өзү көп нерседен кабар берет: мусулман мамлекеттери АКШга көз каранды болбогон коопсуздук системасы жөнүндө ойлонуп башташты. Балким, бул аймактагы коопсуздук архитектурасынын кыйла олуттуу өзгөрүшүнүн башталышы болуп калышы мүмкүн.
Автор: Кадыр Маликов, Мадрид университетинин саясат таануу жана ислам таануу боюнча доктору, «Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун директору.