Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи АКШнын Иранга каршы согуштагы туура эмес эсептөөлөрүнө америкалык чалгын кызматтарынын ишиндеги ийгиликсиздик себеп болгонун билдирди.
Арагчи бул тууралуу X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
«АКШ узак убакыт бою чалгын кызматтарынын ишиндеги ийгиликсиздиктерден улам кырдаалга туура эмес баа берип келген. Иран менен болгон согуш мунун ачык мисалы болду. Эми АКШ Ормуз кысыгындагы кырдаалга байланыштуу дагы чоң жаңылыш эсептөөгө жол берди. Жалган жаңылыктардан да жаманы — жалган чалгын маалыматы болот», — деп жазды Ирандын тышкы иштер министри Х соцтармактагы баракчасына.
Буга чейин, 10-августта Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да Вашингтон өлкөдөгү ички саясий кырдаалдын өнүгүшүнө байланыштуу өз божомолдорунда жаңылышканын айткан. Анын пикиринде, АКШ Ирандагы абалды баалоодо жасалма интеллекттин (ЖИ) тыянактарына жана башка объективдүү эмес маалыматтарга таянган.
АКШ менен Израиль Иранга каршы согушту 28-февралда баштаган. Июнь айында Исламабаддын ортомчулугу менен Вашингтон менен Тегеран өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда да согуштук аракеттерди токтоосуз токтотуу каралган.
Бирок 8-июлга караган түнү АКШ Иранга каршы масштабдуу соккуларын кайрадан баштаган. Иран жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик объекттерге чабуул жасаган. Тегеран ошондой эле Вашингтонду согуштук аракеттерди токтотуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумун бузду деп айыптаган.
Акыркы жумаларда АКШ менен Иран ортомчулардын катышуусунда жаңы келишимдин шарттарын макулдашууга аракет кылып жатышат.