АКШнын Куралдуу күчтөрү Иран менен болгон согуш учурунда арсеналдын азайышынан улам MQ-9 Reaper үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарынын болжол менен 25%ын жоготкон. Ар бир мындай дрондун баасы комплектациясына жараша 50 миллион долларга чейин жетет.
Бул тууралуу The Washington Post (WP) басылмасы өз булактарына таянып билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, АКШ жалпы 45 MQ-9 Reaper дронун жоготкон. Алар Ормуз кысыгынын аймагында Иран үчүн «оңой бутага» айланган.
Бул дрондордун версиясы салыштырмалуу төмөн бийиктикте жана жай ылдамдыкта уча турган чалгындоо жана так сокку уруучу дрон. Анын баасы орнотулган сенсорлордун, жабдуулардын жана курал-жарактардын түрүнө жараша 30 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин жетет.
Басылманын эсептөөсү боюнча, америкалык салык төлөөчүлөр үчүн дрондордун жоготууларынан улам келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдар 1,3 миллиард доллардан ашат.
Ошол эле учурда кыйраган аппараттардын баары эле Иран тарабынан атып түшүрүлгөн эмес. Басылманын маалыматына ылайык, айрым MQ-9 Reaper дрондору операторлору менен болгон байланыш үзүлүп кеткенден кийин кулап түшкөн.
АКШнын Коргоо министрлиги General Atomics компаниясы чыгарган MQ-9 Reaper дрондорун акырындык менен колдонуудан чыгарууну көздөп жатат. Алардын ордуна арзаныраак, чалгындоо жүргүзүү менен катар бутага топ болуп чабуул жасай алган жаңы сокку уруучу дрондорду колдонуу пландалууда.
Буга чейин The Washington Post Иран менен болгон жаңжалда ресурстардын жетишсиздиги Вашингтондун аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чектегенин билдирген. Бирок Пентагон америкалык курал-жарак арсеналдары түгөнүп баратканы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет. Ошол эле учурда АКШ администрациясы Конгресске Иран менен болгон согушка байланыштуу кеткен чыгымдардын ордун толтуруу жана курал-жарак запастарын кайра толуктоо үчүн 67 миллиард доллар бөлүүнү өтүнгөн.