Индонезиянын жээгинде күчү 7,7 баллга жеткен өтө катуу жер титирөө болду.
Бул тууралуу Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмология борбору (EMSC) билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Лабуан-Бажо шаарынан 161 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Бул шаарда болжол менен 188 миң адам жашайт. Жер титирөөнүн очогу 35 чакырым тереңдикте болгон.
Күчтүү силкинүүдөн кийин аймакта цунами коркунучу жарыяланган.
Жер титирөөдөн болжол менен жарым саат өткөн соң, дагы бир силкинүү катталганы маалым болду. Анын күчү 6,1 баллга жетип, «күчтүү» деп бааланган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн кесепетинен турак үйлөр, мектептер, медициналык мекемелер жана башка объектилер жабыркаган.
Учурда жабыркагандар же каза болгондор тууралуу расмий маалымат чыга элек.