АКШнын «Авраам Линкольн» авиа ташуучу кемесин камсыздоодогу көйгөйлөр согуштун биринчи күнүнөн көп өтпөй башталган. Ошол учурда Ирандын ракеталары жана сокку уруучу учкучсуз аппараттары Бахрейндеги аскер-деңиз базасына чабуул жасаган.
Ирандын Тегеранга жасалган америкалык-израилдик чабуулга жооп иретиндеги соккусу базанын көпчүлүк бөлүгүн талкалаган. База менен кошо АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү ондогон жылдар бою таянган ири логистикалык борбор да өрттөнүп, түтүнгө чулганган. Бул тууралуу бир нече күн мурун New York Times басылмасынын репортажында айтылды.
Аскер-деңиз күчтөрүнө күнү-түнү иштеп, согуштук учактардын күжүрмөн даярдыгын камсыз кылган деңизчилерди тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну улантуу үчүн «Б» планы керек болгон. Кийинчерээк бул иштер Ирандын портторун блокадалоону да камтыган.
Аймактагы башка портторго Иран тарабынан сокку урулушу мүмкүн деген коркунучтан улам Пентагон Улуу Британиянын көзөмөлүндөгү Диего-Гарсия аралындагы базаны негизги камсыздоо борбору катары караган. Ал Мальдив аралдарынын түштүгүндө, Оман булуңунда аракеттенип жаткан эки авиа ташуучу кеменин сокку тобунан болжол менен 2200 миль алыстыкта жайгашкан.
Бахрейндеги авиабазанын талкаланышы Иранга каршы операцияларга катышкан авиа ташуучу кемелерге байланыштуу бир катар көйгөйлөрдүн жаралышына алып келген. New York Times басылмасынын маалыматына ылайык, демократ-сенаторлор «Линкольн» кемесинин бортундагы 5000 деңизчинин тагдырына жана алардын согуш жүрүп жаткан аймакта дээрлик тогуз ай болушуна тынчсыздануусун билдиришкен.