БУУнун Коопсуздук кеңеши акыркы он жыл ичинде геосаясий карама-каршылыктардан улам иш жүзүндө шал болуп калды.
Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш Financial Times гезитине берген маегинде билдирди.
«БУУнун ишинин борборунда Коопсуздук кеңеши турат жана акыркы он жылда ал геосаясий пикир келишпестиктерден улам дээрлик шал болуп калганын чындык», — деди Гутерреш.
Башкы катчы буга Украинадагы жаңжалга байланыштуу маселелер боюнча бир катар вето коюуларды, ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы, биринчи кезекте Газа секторундагы Израилдин аракеттерине байланыштуу резолюцияларга вето коюусун эң ачык мисалдар катары атады.
Гутеррештин айтымында, Коопсуздук кеңеши кийлигишип, жаңжалдарды токтотуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө таптакыр жөндөмсүз экенин көрсөткөн башка дагы көптөгөн жагдайлар бар.