Үй Редактордун тандоосуИран менен Оман Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы үчүн убактылуу коридор түзүүнү талкуулады

Иран менен Оман Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы үчүн убактылуу коридор түзүүнү талкуулады

by Kanykey

Иран менен Оман Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын камсыз кылуу үчүн убактылуу коридор түзүү жана маршрутту биргелешип миналардан тазалоо маселесин талкуулашты.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Ормуз кысыгына байланышкан маселелер Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаидинин жолугушуусунда талкууланган. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөн.

«Сунушталган алкак Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамы үчүн убактылуу биргелешкен коридор түзүүнү, ошондой эле кысыкты миналардан тазалоо боюнча биргелешкен долбоор түзүү тууралуу макулдашууну камтыйт», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги тараптар туруктуу коридордун иштеши боюнча макулдашууга жетишүү, ошондой эле кысыкты мындан ары башкаруу маселесин чечүү үчүн техникалык консультацияларды улантарын белгиледи.

Мындан тышкары, Тегеран менен Маскат деңиздеги кыймылды жөнгө салуу, ошондой эле кеме каттамына жана коопсуздугуна байланыштуу кызматтарды көрсөтүү боюнча маалымат алмашуу механизмин түзүү маселесин мындан ары талкуулоону көздөп жатышат.

«Эки тарап тең Перс булуңуна чектеш аймактагы өлкөлөр менен биргелешкен диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, эл аралык укукту сактоонун жана жээктеги мамлекеттердин эгемендик укуктарын урматтоонун зарылдыгын баса белгилешти», — деп кошумчалады Ирандын Тышкы иштер министрлиги.

Ирандын дипломатиялык ведомствосу бул билдирүү Оман менен биргелешип жасалганын өзгөчө белгиледи.

Ормузду башкаруу боюнча Оман менен сүйлөшүүлөр 60 күнгө чейин созулат

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Иран менен Омандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн предмети Ормуз кысыгын биргелешип башкаруу системасы боюнча конкреттүү келишимдер болорун, ал эки айга чейин созуларын билдирди.

“Ормуз кысыгын башкаруу боюнча келечектеги келишимдер боюнча 30 күндөн 60 күнгө чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, – деди министрдин орун басары. Ошол эле мезгилде тараптар “Ормуз кысыгы аркылуу жаңы туруктуу маршрут боюнча макулдашууга тийиш” деп кошумчалады ал.

Гарибабади “эки тараптуу келишимге ылайык, Перс булуңуна кирүү Ирандын суулары аркылуу, ал эми чыгуу Омандын аймактык суулары аркылуу болот; эки маршрутта тең кемелер Ирандын аймактык сууларынан өтөт.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, макулдашылган транзиттик жолдун туурасы жети миль.

“АКШ жана башка өлкөлөр Иран менен келишимсиз Ормуз кысыгы ачылбай турганын билиши керек”, – деди ал.

Ирандык дипломат өз сөзүндө: “Ормуз кысыгы жабык жана Иран аны толугу менен көзөмөлдөйт; кемелер өтүп жатат деген дооматтар негизсиз” экенин ырастады. Ал ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамптын кысык миналардан тазаланганы тууралуу билдирүүсүн четке какты. “Бул сөздөр жөн гана куру сөздөр”, – деп жыйынтыктады Гарибабади.