Үй КАБАРЛАРДамаск Израилдин коргоо министринин Сириянын аймагына киришин айыптады

Дамаск Израилдин коргоо министринин Сириянын аймагына киришин айыптады

by Kanykey

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац 25-августта Сириянын түштүгүнө барды. Ал Эль-Кунейтра провинциясындагы буфердик аймакта жайгашкан, Сириянын аймагында турган израилдик аскерлерден кабар алды.

Кац сапар учурунда Израилдин күчтөрү жихадчылардын коркунучу сакталып турганда Хермон тоосунан жана Голан дөңсөөлөрүндөгү коопсуздук аймагынан чыкпай турганын билдирди.

Сирияда бийлик 2024-жылдын декабрында алмашкандан кийин Израилдин армиясы Голан дөңсөөлөрүндөгү буфердик аймакта жана ага чектеш Сириянын аймагында бир катар позицияларды ээлеп алган. Алардын арасында Хермон тоосуна жакын жайгашкан аймактар да бар.

Дамаск Израилдин аскерлерин Сириядан чыгарууну бир нече жолу талап кылып, алардын өлкө аймагында болушун 1974-жылдагы күчтөрдү ажыратуу боюнча келишимди бузуу деп атап келет.

Израил министринин Сириянын аймагына болгон сапарына Дамаск кескин реакция жасады.

Сириянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Израилдин коргоо министри Исраэль Кацтын Сириянын аймагына кириши өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузуу болуп саналары айтылды.

«Сирия Араб Республикасы Израилдин коргоо министри Исраэль Кацтын мыйзамсыз кирүүсүн жана Сириянын эл аралык деңгээлде таанылган чек арасын кесип өтүшүн айыптайт. Бул өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузуу болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Сириянын Тышкы иштер министрлиги мындай аракеттер эл аралык укукка, БУУнун Уставына, ошондой эле 1974-жылы түзүлгөн күчтөрдү ажыратуу боюнча келишимдеги милдеттенмелерге каршы келерин белгиледи. Аталган келишим тараптардан ок атышууну токтотуу линиясын сактоону талап кылат.

Дамаск эл аралык коомчулукту Израилди мындай аракеттерди токтотууга мажбурлоо үчүн чара көрүүгө чакырды. Ошондой эле Сирия Израилден өз аскерлерин Сириянын басып алынган бардык аймактарынан тез арада жана толугу менен чыгарып, күчтөрдү ажыратуу сызыгынын ар жагына кайтарууну талап кылды.