Үй КАБАРЛАРИрандын президенти: Ислам өлкөлөрүнө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биримдик керек

Ирандын президенти: Ислам өлкөлөрүнө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биримдик керек

by Kanykey

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан ислам мамлекеттерин жамааттык коопсуздугун жана тышкы коркунучтардан коргоону камсыз кылган макулдашууларга жетишүүгө чакырды.

«Ислам эли көз карандысыздыкка жана татыктуу жашоого кызматташуу жана биригүү аркылуу гана жете алат. Чындыкка, адилеттүүлүккө жана өз ара жоопкерчиликке негизделген биримдик — азыр ислам өлкөлөрүнө эң керектүү нерсе», — деген Пезешкиандын сөзүн Al Mayadeen телеканалы келтирди.

Пезешкиан бул тууралуу Тегеранда өтүп жаткан Ислам биримдиги боюнча 40-эл аралык конференциянын ачылышында айтты. Анын белгилешинче, конференция өзгөчө кырдаалдарга туш келген учурда өтүп жатат.

 

1 of 8

Президент өз сөзүндө бир дагы ислам өлкөсү башка бир мамлекетке каршы агрессия жасоо үчүн аянтчага айланбашы керек деп баса белгиледи.

«Иран АКШ жана Израиль тарабынан ага каршы башталган согуштан коргонуу үчүн өзүнүн мыйзамдуу укугун пайдаланды. Бирок бул анын мусулман коңшуларына карата кастык мамиледе экенин билдирбейт», — деди ал.

Президент баса белгилегнедей, Иран учурда алсыз абалда эмес жана өзүн кантип коргоону билет.

Ал ошондой эле мусулман өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык кызматташтыктын жетишсиз экенин айтып, бул абалды оңдоого чакырды.

«Өлкөлөрдүн өз ара экспорту жалпы экспорттун болгону 19 пайызын түзөт. Башкача айтканда, калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн өлкөлөрдүн экспортунун 80 пайыздан ашыгы дагы деле биздин топко кирбеген өлкөлөргө багытталууда», — деди ал.

Ушуга байланыштуу Пезешкиан Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө болгон 57 өлкөнү экономикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө чакырды.

Иран президенти бул өлкөлөр маанилүү деңиз жана кургактык жолдорунун чордонунда жайгашканын, энергетикалык ресурстарга, жаш калкка жана чоң рынокко ээ экенин белгиледи.

Пезешкиан ИКУга мүчө мамлекеттерди пикир келишпестиктерге карабастан, биргелешип иш алып барууга чакырды. Анын айтымында, бир дагы мусулман өлкөсү коңшу мамлекеттердин коопсуздугу жок болгон шартта өзүнүн коопсуздугун чыңдоого умтулбашы керек. Ошондой эле алардын аймактары башка мусулман өлкөлөрүнө зыян келтирүү максатында пайдаланылбашы зарыл.

Ислам биримдиги боюнча 40-эл аралык конференция бүгүн эртең менен Тегеранда Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын жана Ислам дүйнөсүнүн белгилүү аалымдарынын катышуусунда өз ишин баштады.

Эл аралык иш-чаранын ачылыш аземине 600гө жакын жергиликтүү жана чет өлкөлүк конок катышууда. Алардын арасында Ирак, Пакистан, Түркия, Ливан, Ооганстан жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн келген илим, маданият жана дин тармагындагы көрүнүктүү өкүлдөр, ошондой эле Тегерандагы бир катар элчилер жана жогорку даражадагы диний аалымдардын өкүлдөрү бар.