Иран курал-жарактардын басымдуу бөлүгүн өлкө ичинде өндүрөт. Бул тууралуу Ирандын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Реза Талаиник билдирди.
«Биз өлкө ичинде курал-жарактын, аскердик техниканын жана ок-дарынын миңден ашык түрүн өндүрөбүз. Өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүбүздүн аркасында революцияга чейинки мезгилдеги чет элдик өндүрүшкө болгон 90 пайыздык көз карандылык азыр 90 пайыздык өзүн-өзү камсыздоого айланды», — деген анын сөздөрүн IRNA агенттиги келтирди.
Талаиник буга чейин Иран Ислам Республикасы бир жылдын ичинде коргонуу багытындагы курал-жарак жана аскердик техниканын өндүрүш көлөмүн эки эсеге көбөйткөнүн билдирген.
Ал эми Ислам революциясынын сакчылар корпусу Тегеран АКШ менен жаңжал кайрадан күчөп кеткен учурга мурунку кагылышуудагыдан да кубаттуу курал-жарактарды даярдаганын билдирген.