Үй КАБАРЛАРКөчмөндөр оюну. Ирандык балбан өлкөсүнө биринчи медалды алып берди

Көчмөндөр оюну. Ирандык балбан өлкөсүнө биринчи медалды алып берди

by Kanykey

Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде күрөштүн үч түрү — монгол бөх, гореш жана кураш боюнча 100 килограммдан жогорку салмак категориясындагы мелдештер жыйынтыкталды.

Кураш боюнча 21 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында ирандык Садег Азаранг экинчи орунду камсыздап, өлкөсүнө биринчи күмүш медалды алып берди.

Кураш боюнча күч сынашкан Садык Азаранг Орусия жана Кыргызстандан күчтүү атаандаштарын жеңип, финалга чейин жетти. Жыйынтыгында ал күмүш медалга ээ болуп, Ирандын бул оюндардагы алгачкы медалын утуп алды.

Азарангдын ийгилиги Ирандын спорттук делегациясы үчүн маанилүү жетишкендик катары бааланууда. Анын жеңиши менен Ирандын командасы мелдештеги алгачкы байгесин камсыздап, өлкөсүнүн атын даңазалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ирандан 130 спортчу катышууда.

Күрөш боюнча мелдештердин алгачкы күнүнүн жыйынтыгы:

Кураш

1-орун — Нумонжон Ражабов (Өзбекстан)
2-орун — Садег Азаранг (Иран)
3-орун — Кемал Кемалов (Түркмөнстан)
3-орун — Тилек Куралов (Кыргызстан)

Монгол бөх боюнча жалпы 14 спортсмен күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун — Анар Дорж (Монголия)
2-орун — Монге Эртине Куулар (Россия)
3-орун — Сурлиге Сурлиге (Кытай)
3-орун — Орозбек Аширов (Кыргызстан)

Гореш боюнча 31 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты. Байгелүү орундар:

1-орун — Аннагурбан Аллабердиев (Түркмөнстан)
2-орун — Асанкелди Нурказым уулу (Кыргызстан)
3-орун — Илиосбек Мирзакматов (Өзбекстан)
3-орун — Надер Софизада (Афганистан)

Мелдештин байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орунду ээлеген спортсмендерге 100 миң сом, 2-орунга — 80 миң сом, 3-орунга — 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.