Иран армиясынын басма сөз кызматы «күнөөсүз адамдардын жана эр жүрөк аскер кызматкерлеринин каны үчүн өч алуу» максатында ракеталар жана дрондор менен Кувейттеги Ahmad al-Jaber авиабазасында жайгашкан АКШ армиясынын спутниктик байланыш системаларына, жабдуулар сакталган кампаларга жана аскердик учактардын аэродромдоруна сокку урулганын билдирди.
Мындан тышкары, Иран тараптын билдирүүсүнө ылайык, БАЭдеги Al Minhad базасында жайгашкан америкалык объектилер да чабуулга кабылган.
«Терроризмге көмөктөшүп жаткан америкалык армиянын ар кандай чабуулдарына Иран аскер кызматкерлеринин жообу катуу жана кыйратуучу болот. Ал акыркы жеңишке жеткенге жана агрессор жазаланганга чейин улана берет», — деп айтылат армиянын билдирүүсүндө.
Иран Кувейттеги америкалык базанын маанилүү объектисине ракеталар жана учкучсуз аппараттар менен сокку урду. Бул тууралуу 3-сентябрда Press TV маалымдады.
«Кувейттеги АКШнын аскердик базасында стратегиялык жактан маанилүү объектке сокку урулду», — деп айтылат билдирүүдө.
Соккулардын натыйжасында окуя болгон жердин үстүндө коюу түтүн көтөрүлгөн.
Телеканалдын маалыматына караганда, жаңы чабуулдардын коркунучунан улам Кувейт эл аралык аэропортунун иши убактылуу токтотулган. Эки каттам башка аэродромдорго багытталган.