Үй КАБАРЛАРЖМК: Иран Ормуз кысыгындагы «кара тизмеге» киргизилген кемелердин санын 56га жеткирди

ЖМК: Иран Ормуз кысыгындагы «кара тизмеге» киргизилген кемелердин санын 56га жеткирди

by Kanykey

Иран Ормуз кысыгынан өтүү эрежелерин бузган кемелердин кара тизмесине дагы 11 кемени кошту. Натыйжада кара тизмедеги кемелердин саны 45тен 56га жетти.

Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Кеме тармагындагы булактардын билдиришинче, тизме акыркы 24 саат ичинде жаңыртылган.

Перс булуңун башкаруу боюнча мекеменин маалыматына ылайык, тизмеге киргизилген кемелер Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган учурда айып пулга тартылып, кармалып же конфискацияланышы мүмкүн.

Иран бийлиги ошондой эле тизмедеги кемелер менен кызматташкан, анын ичинде жүктү бир кемеден экинчисине өткөрүп берүү аркылуу кызматташкан кемелерге да чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин эскертти.

Эске салсак, 24-августта Иран алгачкы 45 танкерди кара тизмеге киргизип, алар Тегерандын Ормуз кысыгынан өтүү эрежелерин бузган деп айыптаган.

2-сентябрда Ормуз кысыгынан болгону төрт жүк ташуучу кеме өткөн, ал эми мурунку он күндө орточо эсеп менен 13 кеме өткөн