Үй КАБАРЛАРWSJ: АКШнын Иранга каршы жаңы санкциялары максатына жетпей калышы мүмкүн

WSJ: АКШнын Иранга каршы жаңы санкциялары максатына жетпей калышы мүмкүн

by Kanykey

АКШнын Иранга каршы жаңы экономикалык басым саясаты күтүлгөн натыйжаны бербей калышы мүмкүн.

The Wall Street Journal гезити Вашингтондун Тегеранды Ормуз кысыгын кайра ачууга мажбурлоо аракетине баа берип, Ирандын санкцияларга каршы күрөшүүдө ондогон жылдык тажрыйбасы бар экенин жазды.

Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иранга карата «экономикалык D күнү» деп аталган чараларды баштаган. Анын негизги максаты — Тегеранды Ормуз кысыгын ачууга мажбурлоо.

Бирок The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, Куба, Түндүк Корея, Венесуэла жана Сирия сыяктуу өлкөлөргө каршы санкциялардын тажрыйбасы Вашингтон үчүн Иранды өз талаптарына көндүрүү оңой болбой турганын көрсөтөт.

Басылма Тегеран АКШнын санкциялык кампаниясын «экономикалык терроризм» деп атаганын жана өлкөнүн мындай басымга каршы күрөшүүнүн көп жылдык тажрыйбага ээ экенин жазды.

Мындан тышкары, Иран менен аны кургактык аркылуу чектешкен өлкөлөрдүн ортосундагы соода өсүүдө. Тегеран Кытай менен АКШ жетектеген банк системасын айланып өтүүгө мүмкүндүк берген параллелдүү каржы системасын да түзгөн. Бул Вашингтондун санкцияларды киргизүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Виржиния университетинин экономисти Жавад Салехи-Исфахани АКШ Иранга олуттуу экономикалык басым жасай аларын моюнга алган. Бирок анын пикиринде, бул басым Тегеранды мунасага барууга мажбурлай албайт.