Иран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына жасаган жооп иретиндеги аба соккуларында баллистикалык ракеталар жана жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган учкучсуз учуучу аппараттарды (БПЛА) колдонгон.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын армиясынын өкүлү Мохаммад Акраминия билдирди.
«Душманга каршы акыркы операциялардын жүрүшүндө “Фатх” классына кирген “жер-жер” тибиндеги ракеталарды жана жасалма интеллект менен жабдылган “Араш-2” учкучсуз аппараттарын колдондук», — деди ал мамлекеттик телеканалдын эфиринде.
Иран армиясынын өкүлүнүн айтымында, өлкөнүн Куралдуу күчтөрү жооп соккуларды «айкалышкан жана асимметриялык ыкмада» жүргүзүп жатат. Анын белгилешинче, мындай ыкма буталарды оңой сокку урууга мүмкүндүк берет.
Акраминия Тегеран коркунуч жаралган учурда алдын ала операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганын билдирди. Ошондой эле ал Израилди жаңы агрессия болгон учурда Ирандын жообу «тез жана кыйраткыч» болорун эскертти.
1-сентябрда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Иранга бир катар соккуларды жасаган.
Буга жооп катары Иран Бириккен Араб Эмираттарындагы, Иорданиядагы, Ирактагы жана Бахрейндеги АКШнын аскердик базаларына сокку урган.
АКШга жооп катары жасалма интеллект менен жабдылган дрондорду колдонууда
Иран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына жасаган жооп иретиндеги аба соккуларында баллистикалык ракеталар жана жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган учкучсуз учуучу аппараттарды (БПЛА) колдонгон. Бул тууралуу Ислам Республикасынын армиясынын өкүлү Мохаммад Акраминия билдирди.