4-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде күрөштүн үч түрү – гюлеш, гуштини милли камарбанди жана хапсагай боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Гюлеш боюнча жалпы 16 спортчу күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында 100 килограммдан жогорку салмак категориясында күч сынашкан ирандык балбан Мостафа Наджафи Калатехеи биринчи орунду камсыздап, алтын меделге ээ болду. Муну менен ал Иран курамасына Көчмөндөр оюндарындагы үчүнчү алтын медалды алып берди.
Ирандын курамасы Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын төртүнчү күнүнүн жыйынтыгы боюнча 13 медаль — 3 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медаль жеңишти.
Гюлеш боюнча экинчи орунду азербайжандык спортчу Раван Мусаев, үчүнчү орундарды кыргызстандык балбан Айбек Касманбетов жана түркмөнстандык Зыямухаммет Сапаров алышты.
Гуштини милли камарбанди боюнча 20 мамлекеттен келген спортчулар күч сынашты.
Байгелүү орундар:
1-орун – Фирдавс Юриев(Таджикстан)
2-орун – Азамжон Анваржанов (Өзбекстан)
3-орун – Кайратбек Тойчуев (Кыргызстан)
3-орун – Бегли Халмаммедов (Түркменистан).
Аш эми хапсагай боюнча 27 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты.
Мелдештин жыйынтыгында:
1-орун – Никита Хабаров (Россия)
2-орун – Тусигэ (Кытай)
3-орун – Баатаржав Мунхбаяр (Монголия)
3-орун – Сардорбек Холматов (Өзбекстан)
Мелдештин байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
1-орун – 100 миң сом
2-орун – 80 миң сом
3-орун – 50 миң сом.