Үй КАБАРЛАРКөчмөндөр оюндары. Командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи

Көчмөндөр оюндары. Командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи

by Kanykey

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Командалык эсеп боюнча бир гана техникалык айырма медалдарды эсептөөдө жаралган. Бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз!”, – деп жазды Алагөзов.

Ал медалдын эсеби спорттун бир бөлүгү экенин, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алгандык болгонун билдирди.

Алагозов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүп, чоң спорттук майрам катары жыйынтыкталганын, анда кыргызстандык спортчулар да өз күчүн, чеберчилигин татыктуу көрсөтүшкөнүн баса белгиледи.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта Бишкек шаарындагы жаңы курулган «Бишкек Аренада» расмий ачылып, 6-сентябрга чейин уланды. Иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн келген спортчулар, делегациялар, маданият өкүлдөрү жана коноктор катышты.

Оюндардын алкагында улуттук спорттун бир катар түрлөрү боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды. Ошондой эле Кырчын жайлоосунда көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана салттуу жашоо образын чагылдырган кеңири маданий программа уюштурулду.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кийинки, VII баскычы Россия Федерациясынын Татарстан Республикасында өткөрүлөт.