Үй КАБАРЛАРМунай 100 долларга жакындаганда Трамптын бааны түшүрүүгө кезектеги аракети

Мунай 100 долларга жакындаганда Трамптын бааны түшүрүүгө кезектеги аракети

by Kanykey

Дүйнөлүк мунайдын баасы бир баррель үчүн 100 долларга жакындап жаткан учурда АКШ президенти Дональд Трамп мунайдын баасын төмөндөтүүгө багытталган кезектеги билдирүүсүн жасаганын Fars News агенттиги жазды.

Трамп Иран менен болгон жаңжал аяктап, АКШ согушта жеңишке жеткенден кийин өлкөдө мунайдын баасы кескин төмөндөй турганын билдирди.

Трамп Truth Social социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө мунайдын баасы тез арада арзандай турганын айтып, алгач бир галлон үчүн 3 долларга, ал эми келечекте 2 доллардан да төмөн деңгээлге түшөрүн болжоду.

Ошондой эле ал Иран эч качан өзөктүк куралга ээ болбой турганын билдирди.

«Иран менен болгон согушта жеңишке жеткенде мунайдын баасы кескин төмөндөйт. Бир галлон үчүн 3 доллар, акырында 2 доллардан төмөн болот. Мунун баары тез арада ишке ашат», — деп жазды Трамп.

Трамптын бул билдирүүсү дүйнөлүк мунай рыногунда баалар өсүп жаткан учурга туш келди. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, дүйшөмбү күнү кечинде Brent маркасындагы мунайдын баасы бир баррель үчүн 97 доллардан ашкан.

Bloomberg болсо Ормуз кысыгындагы мунай ташыган кемелерге жасалган чабуулдар күчөсө, мунайдын баасы 120 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскерткен. Мындай сценарий дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн олуттуу үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн.

Ошентип, Трамп ички рыноктогу күйүүчү майдын баасы жакын арада кескин төмөндөй турганын айтып жаткан учурда, дүйнөлүк рынокто тескерисинче, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшү мунайдын кымбаттоо коркунучун жогорулатып жатат.

АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объектилерге сокку урууну баштаган. Буга жооп катары Иран тарап да өз кезегинде сокку урган. Июнь айынын ортосунда Тегеран менен Вашингтон согуштук аракеттерди токтотуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Бирок кийинчерээк тараптар кайрадан бири-бирине сокку ура баштаган. Учурда жаңжал дагы деле жөнгө салынбай турат.

Кагылышуулардын күчөшүнөн улам Ормуз кысыгы аркылуу деңиздеги жүк ташуулар дээрлик токтоп калган. Бул — дүйнөлүк рынокко мунай, мунайзаттарын жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү негизги деңиз жолдорунун бири. Натыйжада дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө күйүүчү майдын баасы өстү.

Америкалык автоунаалар ассоциациясынын маалыматына караганда, учурда АКШда бензиндин орточо баасы бир галлонуна (болжол менен 3,8 литр) 4,1 долларды түзүүдө