Кыргызстан Global Peace Index 2026 — Дүйнөлүк тынчтык индексинде 163 өлкөнүн ичинен 61-орунду ээледи.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Өзбекстан 37-орунга, Казакстан 44-орунга, Тажикстан 47-орунга, Кыргызстан 61-орунга, ал эми Түркмөнстан 66-орунга жайгашты.
Индекс өлкөлөрдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун деңгээлин 23 көрсөткүчтүн негизинде баалайт. Алар үч негизги багытка бириктирилген:
Коопсуздук жана коомдук тартип (Safety and Security) — кылмыштуулуктун деңгээли, коомдук коопсуздук, саясий туруксуздук, терроризмдин таасири жана калктын коопсуздугу сыяктуу көрсөткүчтөр;
Уланып жаткан ички жана эл аралык жаңжалдар (Ongoing Domestic and International Conflict) — ички жана эл аралык кагылышуулар, алардын узактыгы жана интенсивдүүлүгү, ошондой эле өлкөнүн тышкы жаңжалдарга катышуу деңгээли;
Милитаризация (Militarisation) — аскердик чыгымдар, куралдуу күчтөрдүн саны жана мүмкүнчүлүктөрү, аскердик потенциал жана коргонууга байланыштуу башка көрсөткүчтөр.
Global Peace Index 2026 рейтингинде биринчи орунду Исландия, экинчи жана үчүнчү орундарды Жаңы Зеландия жана Швейцария ээлеген. Андан кийинки орундарда Словения жана Ирландия турат — алар тиешелүүлүгүнө жараша 4- жана 5-орундарга жайгашкан.
Рейтингдин акыркы орундарында Россия — 163-орунда, Судан — 162-орунда жана Конго Демократиялык Республикасы — 161-орунда турат.
Рейтинг өлкөлөрдүн ички коопсуздук деңгээлин гана эмес, тынчтыкка жана туруктуулукка байланыштуу кеңири көрсөткүчтөрдү да камтыйт. Бул факторлор мамлекеттин туристтик жагымдуулугун аныктоодо да маанилүү роль ойнойт.
Туристтик багытты тандоодо саякатчылар, адатта, коопсуздук, терроризм, кылмыштуулук жана саясий туруксуздук менен байланышкан тобокелдиктерди эске алышат. Ошондуктан алар коопсуздук деңгээли жогору болгон өлкөлөргө барууну артык көрүшөт.