Үй Редактордун тандоосуИрандын ТИМи Йемендеги окуяларга пикирин билдирди

Ирандын ТИМи Йемендеги окуяларга пикирин билдирди

by Kanykey

Йемен боюнча билдирүүсүндө Ирандын Тышкы иштер министрлиги Йемендин көз карандысыздыгын, улуттук эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле мыйзамсыз жана адамгерчиликсиз блокаданы токтотуу зарылдыгын белгиледи.

Өз билдирүүсүндө министрлик Ирандын Йемендин көз карандысыздыгын, улуттук эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо, ошондой эле өлкөгө каршы «мыйзамсыз жана адамгерчиликсиз блокаданы» токтотуу зарылдыгы боюнча принципиалдуу жана ырааттуу позициясын дагы бир жолу ырастады.

«Азыр Йеменде болуп жаткан окуяларды акыркы он жылдыктагы окуялардан бөлүп кароого болбойт», — деп айтылат билдирүүдө. Анда йемен эли даңктуу цивилизациянын жана тарыхтын мураскери экени, ар дайым аймакта жана дүйнөдө чечүүчү роль ойноп келгени белгиленет. Ошондой эле йемен эли улуттук эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн толук урматтоо менен басым-кысымсыз, коркутуусуз жана адилетсиз блокадасыз татыктуу жашоого укуктуу экени айтылат.

Министрлик ислам үммөтүнүн кызыкчылыктарын эске алуу зарылдыгын, өзгөчө Батыш Азия АКШнын колдоосу менен Израиль режиминин болуп көрбөгөндөй эзүүсүнө жана экспансионизмине туш болуп жаткан шартта, баса белгиледи. Билдирүүдө Йеменге байланыштуу көйгөйлөрдү блокаданы улантуу жана аскердик тирешүү жолу менен чечүү мүмкүн эмес экени айтылат.

Иран «жол картасынын» негизинде диалогду токтоосуз кайра жандандырууга жана анын жоболорун аткарууга чакырды. Ошондой эле бул багытта ар кандай ортомчулук кызматтарды сунуштоого даяр экенин билдирди.