Үй Редактордун тандоосуХуситтер Сауд Арабиясындагы авиабазага жооп иретинде сокку урганын билдиришти

Хуситтер Сауд Арабиясындагы авиабазага жооп иретинде сокку урганын билдиришти

by Kanykey

Йемендин түндүгүн көзөмөлдөгөн «Ансар Алла» кыймылы (хуситтер) Сауд Арабиясынын түштүгүндөгү Хамис-Мушайт шаарында жайгашкан Король Халид атындагы авиабазага Йеменге жасалган аба соккуларына жооп иретинде чабуул жасалганын билдирди.

«Йемендин Куралдуу күчтөрү Король Халид атындагы авиабазадагы аскердик объектилерге жана инфраструктурага, анын ичинде аскердик учактар жайгашкан ангарларга, радиолокациялык системаларга, учуп-конуу тилкелерине, ок-дары кампаларына жана башка объектилерге каршы кеңири масштабдуу операция өткөрдү», — деп билдирди хуситтердин аскердик өкүлү Яхья Сариа Telegram-каналында.

Анын айтымында, чабуул учурунда ондогон баллистикалык ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар (БПЛА) колдонулган.

Буга чейин Яхья Сариа Сауд Арабиясы Йемендеги «Ансар Алланын» позицияларына алты провинцияда 58 авиациялык сокку жасаганын билдирген.

Анын айтымында, акыркы сутка ичинде Йемендеги буталарга Сауд Арабиясынын күчтөрү Хамис-Мушайттагы авиабазадан учкан F-15 согуштук учактары менен сокку урган.

Сариа билдиргендей, авиациялык соккулар Йемендин түндүк, борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү Таиз, Лахж, Аль-Жауф, Хаджа, Аль-Байда жана Саада провинцияларына багытталган.

Йеменде хуситтер менен эл аралык коомчулук тааныган өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышуулар 2014-жылы башталган. 2015-жылы 26-мартта Сауд Арабиясы араб мамлекеттеринин коалициясы менен биргеликте Йемендин өкмөтү тарабында хуситтерге каршы аскердик операция баштаган. Кийин 2022-жылдан тартып өлкөдө салыштырмалуу тынчтык орногон. Бирок 2026-жылдын июль айынын башынан бери өкмөттүк күчтөр менен хуситтердин ортосундагы куралдуу кагылышуулар өлкөнүн бир катар аймактарында кайрадан күчөдү.

Өткөн аптада хуситтер чабуул операциясын жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кызыл деңиздин Йеменге тиешелүү жээгинин Баб-эль-Мандеб кысыгына жакын аймактарын, ошондой эле Перим жана Зукар аралдарын толугу менен көзөмөлүнө алганын билдиришти.

Июль айында хуситтер Сауд Аравиясына каршы деңиз блокадасын жарыялашкан. Алар бул чечимди Йемендеги портторго киргизилген чектөөлөргө жана Санадагы эл аралык аэропортко жасалган соккуга жооп катары түшүндүрүшкөн. Хуситтердин билдирүүсүнө ылайык, блокада Сауд Аравиясынын портторуна багыт алган жана ал жактан чыккан деңиз транспортторуна тиешелүү.