Үй КАБАРЛАРКим Чен Ын Орусияга «өзгөрбөс колдоо» көрсөтүүгө убада берди

Ким Чен Ын Орусияга «өзгөрбөс колдоо» көрсөтүүгө убада берди

by Kanykey

КЭДР мындан ары да Орусияны «өзгөрбөс колдоону» улантат. Бул тууралуу өлкө лидери Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путинге жөнөткөн жооп телеграммасында билдиргенин Кореянын Борбордук телеграф агенттиги (ЦТАК) маалымдады.

«Мен Орусия Федерациясынын бүгүнкү күндөгү өлкөнүн коопсуздук кызыкчылыктарын жана эл аралык адилеттүүлүктү коргоо үчүн жүргүзүп жаткан ыйык согуштагы жеңишине бекем ишенем. Сизди жана бир тууган орус элин өзгөрбөс колдоону улантууга убада берем», — деп айтылат телеграммада.

Ким Чен Ын ошондой эле Путинге КЭДРдин түзүлгөнүнүн 78 жылдыгына карата жөнөткөн куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн мамилелери «достук, жакшы коңшулук жана өз ара жардамдашуу салттарына, ошондой эле бекем союздаштык байланыштарга» негизделгенин белгиледи.

9-сентябрда Путин Ким Чен Ынды КЭДРдин түзүлгөнүнүн жылдыгы менен куттуктаган. Ал Москва менен Пхеньяндын мамилелери ар дайым достук, жакшы коңшулук жана өз ара жардамдашуу принциптерине негизделип келгенин айтып, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча ишти улантууга даяр экенин билдирген.

Орусия менен КЭДР 2024-жылдын июнь айында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюшкан.