Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгынын асманында «Кандагар касапчысы» деген каймана ат менен белгилүү болгон MQ-1 Predator учкучсуз учуучу аппаратын жок кылганын билдирди. Бул тууралуу IRNA агенттиги жазды.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалыматына караганда, АКШ армиясына таандык дагы бир MQ-1 учкучсуз учагы Ирандын аэрокосмостук күчтөрүнүн заманбап абадан коргонуу системасы тарабынан кармалып, жок кылынган.
Маалыматка ылайык, операция өлкөнүн бирдиктүү абадан коргонуу тармагынын көзөмөлүндө Ормуз кысыгынын үстүндө жүргүзүлгөн.
MQ-1 Predator учкучсуз учагы АКШнын Афганистандагы аскерий операцияларында кеңири колдонулган. Ал Кандагардагы авиабазада жайгашып, миңдеген сааттык чалгындоо жана сокку уруу операцияларын аткарган.
MQ-1 бир нече жылдан бери АКШнын Аскер-деңиз жана Аба күчтөрүнүн активдүү курамынан чыгарылып, анын ордуна MQ-9 дрондору колдонулуп келген. Бирок Иран тараптын маалыматына караганда, MQ-9 учкучсуз учактарынын басымдуу бөлүгү жок кылынгандан кийин, АКШ кайрадан MQ-1 дрондорун колдонууга аргасыз болгон.