Үй АНАЛИТИКАК. Мурзахалилов: “Хуситтер Мекке жана Мединага чабуул жасабайт”

К. Мурзахалилов: “Хуситтер Мекке жана Мединага чабуул жасабайт”

by Kanykey

Акыркы күндөрдө Баб-эл-Мандеб кысыгында болуп жаткан окуялардан улам Сауд Аравиясы хуситтерди Меккеге карата чабуул жасоого аракет кылды деп айыптады. Өз кезегинде хуситтер бул айыптоолорду четке кагышууда. «Ансар Аллах» кыймылынын расмий өкүлү Яхья Сариа кыймыл исламдын ыйык жайларына коркунуч жаратпайт деп билдирүү жасады.

Ушул маалыматтардын фонунда Сауд Аравиясы Түркия, Азербайжан, Европа өлкөлөрү жана АКШ менен биргеликте Борбор Азиядагы түрк тилдүү элдердин диний ишмерлерине жана коомдук пикирине таасир этүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бул аракеттер хуситтер тарабынан Меккедеги исламдын ыйык жайларына коркунуч жаралышы мүмкүн деген жүйө менен Йеменге саясий жана коомдук басым көрсөтүүгө багытталат деген пикир айтылууда.

Мындай маалыматтар коомдук пикирге таасир этүү жана Йеменге карата басымды күчөтүү үчүн диний факторду пайдалануу аракети катары бааланууда. Ошол эле учурда хуситтер өздөрүнө коюлган Меккеге карата мүмкүн болгон чабуул жөнүндөгү айыптоолорду расмий түрдө четке кагып жатышат.

“Евразия Тудей” агенттиги бул маселе боюнча диний эксперт Канатбек Мурзахалиловго кайрылганда, ал өз пикирин төмөндөгүдөй билдирди:

–       Бул жерде сөз жалпы хуситтер менен саудуялыктардын эле карама-каршылыгы жөнүндө болуп жаткан жок. Хуситтер менен Сауд Аравиянын чатагы жана алардын айрым өнөктөштөрү тууралуу сөз болууда. Ал эми хуситтердин бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандар үчүн ыйык болуп саналган Мекке шаарына ракеталык чабуул жасагандыгын далилденген факт катары эсептебеш керек. Анткени биз жакшы билгендей, Сауд Аравиясы учкучсуз учуучу аппарат Меккенин түштүк тарабынан шаардын жабык аба мейкиндигине жакындаган учурда атып түшүрүлгөндүгүн билдирди.

Ошол эле учурда хуситтер Мекке шаары бутага алынгандыгын жокко чыгарышууда. Чабуулдун так багытын жана объектин аныктай турган көзкарандысыз далилдер азырынча дүйнөлүк коомчулукка жарыялана элек. Бул окуяда сөз эң  оболу Сауд Аравиянын хуситтерди расмий айыптоосу жөнүндө болуп жатат.

Менин көз карашымда дүйнө жүзүндөгү баардык мусулмандардын ыйык жайы болуп эсептелген Меккеге чабуул жасалгандыгы тууралуу маалымат жалпы ислам дүйнөсүнүн эмоционалдык катуу реакциясын жаратат жана хуситтерди жана Иранды калган ислам дүйнөсүнөн бөлүү аракетин көрүүдө. Ошондуктан маалыматтык, саясый манипуляциянын белгилери бул жерде орун алууда. Бирок АКШ менен Израилдин  бул окуя тууралуу мусулмандардын ортосунда согуш отун тутандыруу аракети деп да айтуу эрте. Ошондой эле Америка хуситтер менен түз байланышууда жана Сауд Аравиясына түз аскердик жардам берүүгө шашкан жок.

Жеке көз карашымда ыктымал вариант – мурдатан бери келаткан карама-каршылыктын улантылышы. Хуситтер Мекке жана Мединага чабуул жасабайт. Анткени исламдын ыйык жайына кол салуу алардын кадыр-баркын мусулмандардын алдында жок кылат. Ошондуктан негизги максат Сауд Аравиясынын аскердик объекттер жана мунай инфраструктурасы менен деңиз жолдору бойдон кала берет.

Өз кезегинде Эр-Рияд Меккеге чабуул жасалгандыгын шылтоолоп, ислам мамлекеттеринин колдоосуна ээ болуу үчүн Йемендин аймагында чабуулдарды күчөтүшү мүмкүн. Бул маалыматтагы өтө опурталдуу коркунуч учкучсуз учуучу аппараттын техникалык жактан багытына жетпей үзгүлтүккө учурагандыгы болуп саналат. Эгер дрон Мекке, Медина же башка жарандык объектиге түшүп, адамдардын курмандыгына алып келгенде чыр-чатак диний мүнөзгө ээ болуп, ага дүйнөдөгү башка мамлекеттерди да тартып кетмек. Азыркы тынч эмес мезгилде мусулмандардын диний сезими чындыгында геосаясый күрөшкө пайдаланылууда. Бирок баардык чыр-чатактарды АКШ менен Израилдин чагымчылдыгына оодара салуу да катачылык болуп саналат. Анын негизги себеби Йемендеги согушка, Иран менен Сауд Аравиясынын атаандаштыгына жана Кызыл деңиздеги стратегиялык жолду көзөмөлдөө менен байланышкан. Мындай кырдаалда эмоция менен айптоолорго эмес, текшерилген фактыларга таяныш керек.