Үй КАБАРЛАР“Ансаруллах”: 21-сентябрь революциясы Йеменди чет элдик көз карандылыктан куткарууда чечүүчү роль ойноду

“Ансаруллах”: 21-сентябрь революциясы Йеменди чет элдик көз карандылыктан куткарууда чечүүчү роль ойноду

by Kanykey

Йемендин “Ансаруллах” кыймылы (хуситтер) 21-сентябрь революциясына байланыштуу билдирүү жасап, өлкөгө каршы агрессия токтогонго чейин Йемен эли көз карандысыздык жана улуттук суверенитет үчүн күрөштү улантарын билдирди. Бул дата хуситтердин Санада бийликти колго алган күнүнүн жылдыгы катары белгиленет.

Бул тууралуу Ирандын ISNA агенттиги кабарлады.

“Ансаруллахтын” саясий бюросу революциянын жылдыгы Йемендин жээк аймактарында стратегиялык жеңиштерге жетишилип, агрессияны токтотуу жана блокаданы жоюу максатында Сауд Аравиясына каршы операциялар күчөтүлүп жаткан шартта белгиленип жатканын билдирген.

“Аль-Масира” телеканалынын маалыматына ылайык, “Ансаруллахтын” саясий бюросу 21-сентябрь революциясын Йемен элинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн болгон революция, ошондой эле улуттук ар-намыстын жана эгемендүүлүктүн символу деп атаган.

Билдирүүдө революция Йеменди чет элдик көз карандылыктан куткарууда жана өлкөдөгү коопсуздук менен экономикалык системанын кыйрашына каршы турууда негизги роль ойногону белгиленет.

Йемендин коргоо министри, генерал-лейтенант Мухаммад Насер аль-Атефи жана Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-лейтенант Юсуф аль-Мадани 21-сентябрь революциясынын 12 жылдыгы менен Йемен революциясынын лидери Сейид Абдулмалик аль-Хусини куттукташты.

21-сентябрдагы революциянын жылдыгы хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарда гана белгиленет. Өлкөнүн калган бөлүгүндө бул күн расмий майрам болуп саналбайт.