Учурда хуситтер Меккеге кол салды деген маалыматтардын айланасында өтө көп жалган кабарлар тарады. Социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан мындай маалыматтар мусулмандарды конфессиялык негизде бири-бирине каршы коюшу мүмкүн. Ошондуктан мындай билдирүүлөргө ишенип, аларды таратуудан мурда логикага таянып, маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү зарыл.
Бул тууралуу кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов билдирди.
“Алар үчүн да, биз үчүн да Кааба — кыбыла. Алар да Каабаны көздөй намаз окушат, ажылык зыяратын аткарышат. Мекке менен Медина алар үчүн да ыйык жерлер болуп эсептелет. Алар эмне үчүн атайылап Меккеге сокку уруп, бүтүндөй ислам дүйнөсүн өздөрүнө каршы коюшмак эле? Анын үстүнө, хуситтердин өздөрү Меккеге кол салбаганын билдирип, бул маалыматты жалган деп четке кагышты”, – деди ал.
Анын айтымында, акыл-эси жайында бир дагы мусулман мусулмандардын ыйык жайларына сокку урууга барбайт, анткени бул жайлар сунниттер үчүн да, шииттер үчүн да бирдей ыйык мааниге ээ.
Эксперт Сауд Аравиясы менен Йемендеги хуситтердин ортосундагы аскердик-саясий тирешүүнү мусулмандардын ортосундагы диний согушка айландырууга жол берилбеши керектигин белгиледи.
Ал бүгүнкү күндө мусулмандарды бири-бирине каршы коюп, ислам үммөтүн дагы да бөлүп-жарууга жөндөмдүү өтө кооптуу маалыматтык толкун түзүлүп жатканын, мунун кимге пайдалуу экени көпчүлүккө түшүнүктүү экенин белгиледи.
Маликов Сауд Аравиясынын айланасында азыр калыптанып жаткан кырдаалга токтолуп, мунун негизги себептеринин бири хуситтердин Баб-эль-Мандеб кысыгын дээрлик толук көзөмөлгө алышы менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Анын айтымында, кырдаалга тереңирээк көз чаптырганда, учурда Ормуз кысыгы да тосулган, Баб-эль-Мандеб кысыгы да хуситтердин көзөмөлүндө турат. Мындан тышкары, АКШ жана анын союздаштары кургактагы аскердик операцияда ийгиликке жетише алган жок.
«Жөнөкөй тил менен айтканда, азыр башталып жаткан нерсе — АКШ менен Израилдин амалкөй планы. Алар өз максатына жетүү үчүн башка бирөөнү курал катары колдонууну принцибине өтүп жатышат», — деди Маликов.
Эксперттин пикиринде, ушул максатта мусулмандарга, тактап айтканда, Иранга же хуситтерге каршы согушуу үчүн сунниттик өлкөлөрдүн күчтөрүн пайдаланган коалиция түзүлүшү мүмкүн.
Маликов бул сценарийди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жакында жасаган билдирүүсү менен да байланыштырат. Анын айтымында, Нетаньяху Баб-эль-Мандеб жана Ормуз кысыктары жабылып калган учурда «В планы» бар экенин ачык айткан.
Эксперттин айтымында, бул пландын алкагында Сауд Аравиясы менен Перс булуңундагы башка өлкөлөрдүн мунайы, куурлары жана энергетикалык ресурстары кургактык аркылуу Израилге жеткирилиши мүмкүн. Ал эми Израиль алардын экспорттолушуна кепилдик берүүгө даяр экени айтылган.
«Көрүп тургандай, азыр Сауд Аравиясынын айланасында болуп жаткан окуялардын баары кандайдыр бир деңгээлде провокацияга окшош. Максат — сунниттик жана шииттик дүйнөлөрдү, мусулмандарды бири-бирине каршы коюу. Мунун артында АКШ менен Израиль ачык эле турушу мүмкүн», — деди Маликов.
Анын пикиринде, мындай сценарийде алар түзмө-түз мусулмандардын колу менен мусулмандарга каршы согушушат.
Маликовдун айтымында, азыр Сауд Аравиясынын жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн айланасында болуп жаткан процесстерге сырттан таасир этүүгө аракеттер бар.
«Бул жерде кимдир бирөө Сауд Аравиясын жана Перс булуңундагы өлкөлөрдү түртүп жатат. Менин оюмча, бул — АКШ менен Израиль. Алар сунниттик дүйнөнү, сунниттик өлкөлөрдү Иранга жана жалпы эле шииттик агымга каршы багыттап, аларды бири-бири менен кагыштырууга жана согуш чыгарууга аракет кылып жатышат», — деди эксперт.