Ирандын президенти Масуд Пезешкиан БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасынан АКШ президенти Дональд Трамптын ирандыктарды террористтер деп атаган билдирүүсүнө жооп кайтарды.
«Кечээ АКШ президенти бизди террористтер деп атады. Бирок биз терроризмдин курмандыгы болуп жатабыз», — деди ал.
«Мен Ирандан келдим, ал жерде биздин лидерибиз (аятолла Али Хаменеи) эч кандай мыйзамдуу себепсиз, эч кандай укуктук негизсиз өлтүрүлдү», — деди Пезешкиан.
Ал ошондой эле «АКШ Ирандын аялдары менен балдарын сокку уруунун бутасына айлантып жатканын» белгиледи. Президент АКШны «террористтерди даярдап жаткан террористтер» деп атап, Иран өзүн коргоп жатканын айтты.
«Ооба, алар бизге сокку урду, биз жооп кайтардык. Бирок биз жарандык объекттерге сокку урбайбыз», — деп баса белгиледи Иран президенти.
Пезешкиандын сөз сүйлөөсү учурунда АКШнын өкүлү БУУнун Башкы Ассамблеясынын залынан чыгып кетти.