Үй КАБАРЛАРПакистан Ооганстандагы буталарга абадан сокку урду

Пакистан Ооганстандагы буталарга абадан сокку урду

by Kanykey

Пакистан 24-сентябрга караган түнү Ооганстандын аймагындагы дрондорду учуруу жана сактоо үчүн колдонулган 10 жайга абадан сокку урду. Бул тууралуу Пакистандын маалымат министри Аттаулла Тарар билдирди.

Анын айтымында, 23-сентябрда Ооганстандан учурулган дрондор Пакистандын аба мейкиндигине кирген. Исламабад муну «эгемендикти бузуу» жана «агрессия актысы» катары баалаган.

«Пакистандын абадан коргонуу системалары өлкөнүн аба мейкиндигине кирген бардык аппараттарды аныктап, көзөмөлгө алып жана зыянсыздандырды. Алар белгиленген буталарына жеткенге чейин жок кылынгандыктан, чабуул жасоо аракети толугу менен алдын алынды. Өзүнүн эгемендикке негизделген өзүн-өзү коргоо укугун ишке ашырып, Пакистан бул дрондорду учуруу жана сактоо үчүн пайдаланылган Ооганстандын аймагындагы 10 объектке абадан жана учкучсуз аппараттардын жардамы менен соккуларды жасады», — деп жазды Тарар X социалдык тармагындагы баракчасына.

Министр Кабулду «Пакистанга каршы кастык аракеттерди» токтоосуз токтотууга жана терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

«Ооганстандын аймагы Пакистанга каршы чабуулдарды жасоо же кастык операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланылбашы керек», — деп белгиледи ал.

Тарар ошондой эле Пакистан кырдаалды курчутууга умтулбай турганын, аймакта тынчтыкты, диалогду жана конструктивдүү кызматташууну жактай турганын баса белгиледи.

Ооган бийлиги Пакистанга жасалган дрон чабуулуна катышкандыгы тууралуу айыптоолорду четке кагып жатканын Tolonews булактарга шилтеме берип билдирди.

Сокку урулган буталардын арасында Кандагар шаары да болгон. AFP агенттиги жергиликтүү тургундун маалыматына таянып, шаардын борборунда реактивдүү учактын үнү угулуп, андан соң катуу жарылуу болуп, өрт чыкканын билдирген.

Кандагар — «Талибан» кыймылынын жетекчилигинин иш жүзүндөгү борбору. Кыймылдын жогорку лидери Хибатулла Ахундзада да ушул шаарда жашайт. Бирок анын өзү же резиденциясы чабуулдун түздөн-түз бутасы болгону тууралуу маалымат жок.

Кийинчерээк «Талибан» кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид Кандагарга сокку урулганын ырастады. Анын билдиришинче, бомба шаардын тогузунчу районундагы адам жашабаган аймакка түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар болгон эмес.

Мындан тышкары, Afghanistan International маалымат булактарына таянып, Пактия жана Хост провинцияларына да сокку урулганын кабарлады. Атап айтканда, Пактия провинциясынын административдик борбору Гардез шаарындагы «Талибанга» таандык аскердик объект бутага алынганы айтылды.

Учурда Гардездеги соккудан жабыркагандар тууралуу маалымат жок.