Иран АКШга Ормуз кысыгындагы кеме жүрүшүн жети күндүн ичинде кайра жандандыруу жана кеңири сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча план сунуштады. Иран бул сунушту ортомчулар аркылуу өткөрүп бергенин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында билдирди. Анын сөздөрүн Financial Times (FT) басылмасы келтирди.
Аракчинин айтымында, белгилүү бир шарттар аткарылса, кысык бир жуманын ичинде ачылат. Андан кийин тараптар жаңжалды толук жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра башташат.
План июнь айында түзүлгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга негизделген. Анда Ирандын мунай экспортун убактылуу жүргүзүүгө уруксат берүү жана кысыкты этап-этабы менен ачуу каралган.
Ушул жуманын башында Ирандын жогорку даражалуу чиновниги Reuters агенттигине берген маегинде БУУнун Башкы Ассамблеясын «АКШнын Иран менен болгон жаңжалда дипломатияга кайтып келиши үчүн алтын мүмкүнчүлүк» деп атаган.
Ак үй Ирандын жаңы сунушунун чоо-жайына комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок тараптар ортомчулар аркылуу «оң жана конструктивдүү талкууларды» жүргүзүп жатканын билдирди.
FT басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын администрациясы Ирандын өзөктүк программасын да камтыган кыйла кеңири жана комплекстүү келишимге жетишүүгө аракет кылууда.