Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тышкы күчтөрдүн Ирандын ички иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбестигин билдирди. Анын айтымында, Ирандагы ички маселелерди өлкөнүн эли өзү чечүүгө тийиш. Ошондой эле ал Иранда улуттар аралык жана конфессиялар аралык кастыкты козутууга жол бербөөгө чакырды.
«Иран эли Ирандын ички маселелерин тышкы кийлигишүүсүз өз алдынча чечиши керек. Этностор жана конфессиялар ортосундагы карама-каршылыктарды күчөтүү Иранды жана жалпы аймакты узакка созулган туруксуздук мезгилине алып келет. Буга жол бербөө керек», — деди Эрдоган америкалык Newsweek журналына берген маегинде.
Ал Түркия Ирандагы кырдаалдан өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып жаткан айрым күрт кыймылдарынын, анын ичинде Ирандын Күрдистан эркиндиги партиясынын аракеттерине кылдат көз салып жатканын белгиледи.