Үй КАБАРЛАРЖМК: Нетаньяху Абу-Дабиге жашыруун барып, БАЭнин президенти менен жолуккан

ЖМК: Нетаньяху Абу-Дабиге жашыруун барып, БАЭнин президенти менен жолуккан

by Kanykey

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 27-сентябрда, Абу-Дабиге жашыруун барып, ал жерде Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолуккан. Бул тууралуу Израилдин N12 телеканалы өз булактарына таянуу менен билдирди.

«Кечээ (жекшемби күнү) премьер-министр Биньямин Нетаньяху Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мухаммед бин Заид менен жолугушту», — деп айтылат басылмада.

Бул сапар Израилдеги парламенттик шайлоого бир айга жетпеген убакыт калганда жана Нетаньяху Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындарынан кайтып келгенден эки күн өткөндөн кийин ишке ашты.

Телеканалдын маектештеринин маалыматына караганда, Нетаньяху БАЭге жеке учак менен келген. Аны менен бирге делегация да бир нече учак менен Абу-Дабиге барган. Премьер-министр өлкөдө болжол менен төрт саат болуп, ошол эле күнү кечинде Израилге кайтып кеткен.

N12 телеканалынын маалыматына караганда, жолугушуу «негизинен жабык форматта — бетме-бет» өткөн. Израил премьер-министринин кеңсеси сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктаган жок.

Нетаньяхунун бул сапары анын 2023-жылдын 7-октябрындагы палестиналык ХАМАС кыймылынын чабуулуна чейин Мухаммед бин Заид менен болгон телефондук сүйлөшүүсү тууралуу маалыматтар тараган учурга туш келди. Бул сүйлөшүү тууралуу буга чейин Haaretz гезити «Hostages: 843 Days of Abandonment» («Барымтадагылар: 843 күн аракетсиздик») китебинин негизин түзгөн иликтөөгө таянуу менен жазган.

Басылманын маалыматына караганда, сүйлөшүү учурунда БАЭнин президенти Нетаньяхуга ХАМАСтын Газа секторундагы лидери Яхья Синвар (2024-жылдын октябрында Израилдин аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн) тарабынан масштабдуу чабуул даярдалып жатканы тууралуу эскерткен. Бин Заид Израилдин премьер-министрин алынган маалыматка олуттуу мамиле кылууга чакырган.

Бирок Haaretz гезити билдиргендей, Нетаньяху бул эскертүүгө «салыштырмалуу сабырдуу» реакция кылган. Ал өзүнүн баамында, ХАМАС Иордан дарыясынын батыш жээгинде аракеттенүүнү көздөп жатканын айтып, БАЭнин президентине Израиль ар кандай сценарийге даяр экенин билдирген.

Өз кезегинде Нетаньяхунун кеңсеси бул сүйлөшүү тууралуу маалыматтарды четке кагып, Haaretz шилтеме кылган иликтөөнү «түп-тамырынан бери жалган» деп атаган. Кеңседен билдиришкендей, премьер-министр сөз болуп жаткан мезгилде БАЭнин президенти менен сүйлөшкөн эмес жана андан эч кандай эскертүү алган эмес. Бул маалымат БАЭ тараптан да ырасталган эмес.

Haaretz гезитинин билдирүүсү израилдик журналисттер Шломи Эльдар менен Рут Ювалдын «Барымтадагылар: 843 күн аракетсиздик» китебинин жакында жарык көрүшүнө байланыштуу даярдалган. Авторлор өз иликтөөсү Израилдеги жана чет өлкөлөрдөгү ондогон булактардын көрсөтмөлөрүнө негизделгенин билдиришкен.

Иликтөө Израилдин ичинде коомчулуктун кеңири резонансын жаратып, оппозиция лидерлерин өкмөттү шалаакылыкка жол берген деп кайрадан айыптоого жана 2023-жылдын 7-октябрындагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүгө чакырууга түрткү болгон.