АКШнын администрациясы президент Дональд Трамп катышкан жарнамалык роликтерди жайгаштыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллион доллардан ашык каражат сарптады.
Бул тууралуу The New York Times жарнамалык аналитика менен алектенген AdImpact компаниясынын баалоосуна таянып жазды
Өткөн дем алыш күндөрү өлкө боюнча телеканалдарда 2024-жылы Трамптын шайлоо өнөктүгүндө көрсөтүлгөн жарнамага дээрлик окшош ролик обого чыга баштады. AdImpact компаниясынын баалоосу боюнча, аны жайгаштырууга 300 миң доллардан ашык каражат сарпталган.
Роликте Трамп «акыркы салгылашуу» жөнүндө айтып, өкмөттөн «согуш тутандыруучуларды» жана «терең мамлекетти» кууп чыгууга убада берет. Роликтин аягында «АКШ өкмөтү тарабынан төлөнгөн» деген жазуу пайда болот.
Бул ролик, атап айтканда, Fox News телеканалынын программалары, Saturday Night Live берүүсү, ошондой эле студенттик жана кесиптик америкалык футбол беттештери учурунда көрсөтүлгөн.
Ак үй бул материалдарды америкалыктарга өз өлкөсүн сүйүү зарылдыгын жана аны коргоого эмне татыктуу кыларын эскертип турууга багытталган «социалдык жарнама» деп атап жатат.
Акыркы роликтен тышкары, эфирде Трамп катышкан, мамлекет тарабынан каржыланган дагы эки материал көрсөтүлдү. Алардын бири коммунизмге каршы күрөшкө жана администрациянын саясатына арналса, экинчисинде Трамптын Рашмор тоосунда сүйлөгөн сөзүнөн алынган кадрлар жана цитаталар камтылган.
AdImpact компаниясынын баалоосу боюнча, алардын бирин жайгаштырууга 70 миң доллардан ашык каражат бөлүнгөн.