Перс булуңундагы кырдаалдын курчушунун фонунда Ормуз кысыгындагы кризистин кесепеттери мунай рыногунун чегинен да ашты. АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик аракеттери жана андан кийинки аймактагы туруксуздук бул чөлкөмдөгү интернеттин өнүгүшү көз каранды болгон инфраструктурада көйгөйлөрдү жарата баштады.
АКШнын аскердик аракеттеринин жана деңиз блокадасынын күчөшү суу алдындагы кабелдерди төшөө менен алектенген адистештирилген кемелердин кооптуу аймактан биринин артынан бири чыгып кетишине алып келди.
Натыйжада суу алдындагы линиялардын өздөрү эч кандай зыянга учурай электе эле, бир нече миллиард долларлык телекоммуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу токтотулду.
Ормуз кысыгы мунай менен газ ташуучу маанилүү жол гана эмес. Анын түбү аркылуу Перс булуңундагы мамлекеттерди дүйнөлүк маалыматтык тармактар менен байланыштырган эл аралык була-оптикалык линиялар өтөт.
Аймакта иштеп жаткан ири системалардын арасында FALCON, AAE-1, Gulf Bridge International, TGN-Gulf жана SEA-ME-WE түйүнүнө кирген линиялар бар.
Мындай долбоорлордун өзгөчөлүгү — алардын атайын кабель төшөөчү кемелерден көз каранды болушунда. Бул кемелер деңиздин белгилүү бир аймагында узак убакыт бою иштеп, кабелди деңиз түбүнө төшөшү же бузулган учурда аны оңдоосу керек.
Ошондуктан аскердик тобокелдиктердин күчөшү инфраструктурага түздөн-түз сокку урулбаса дагы, иштерди токтотууга алып келиши мүмкүн. Анткени компаниялар кымбат баалуу кемелерин жана кызматкерлерин согуштук аракеттер жүрүшү мүмкүн болгон аймакка жөнөтүүгө даяр эмес.
Учурдагы кризис Жакынкы Чыгыштагы интернет тармактарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн келечекте кеңейтүүгө жана Перс булуңундагы мамлекеттерди башка аймактар менен байланыштырууга тийиш болгон долбоорлорго да таасирин тийгизди.
Мындай иштердин токтотулушу жаңы санариптик маршруттарды куруунун кечеңдешин жана буга чейин иштеп жаткан суу алдындагы линияларга көз карандылыктын көбөйүшүн билдирет.
Ормуз кысыгынын айланасындагы туруксуздук дагы бир жаңы өңүттө көрүнүп жатат. Буга чейин бул аймак дүйнөдөгү эң маанилүү энергетикалык коридорлордун бири катары каралып келсе, азыркы окуялар анын санариптик инфраструктура үчүн да маанилүү экенин көрсөттү: согуш жана деңиздеги кеме жүрүшүнө коюлган чектөөлөр мунай жеткирүүгө гана эмес, келечекте курулууга тийиш болгон эл аралык интернет тармактарына да таасир этиши мүмкүн.