Foreign Affairs журналынын жазганына караганда, согуш башталгандан алты айдан ашык убакыт өткөнүнө карабастан, Иран өз позициясын сактап гана калбастан, айрым жагынан мурдагыдан да күчтүү болуп калышы мүмкүн.
Журналдын маалыматына ылайык, Иран согуш учурунда күтүлгөндөн жогору көрсөткүч көрсөттү. АКШнын деңиз блокадасына карабастан, өлкө өзүнө керектүү товарларды кандайдыр бир деңгээлде импорттоону улантып, экономикасынын толук кыйрашына жол берген жок .
Мындан тышкары, Ирандын тажрыйбасы «так сандагы соккулар» деп аталган жаңы доордун башталганын көрсөттү. Бул түшүнүк көп санда колдонулган, салыштырмалуу арзан жана башкарылуучу куралдарды пайдаланууну билдирет.
Журналдын талдоосунда Иран сыяктуу аскердик мүмкүнчүлүгү чектелүү мамлекеттер арзан жана массалык түрдө чыгарылуучу куралдарга таянуу аркылуу ири державалардын айрым аскердик артыкчылыктарын азайта алары белгиленет.
Ушул себептен улам Түндүк Корея, Польша, Сауд Аравиясы, Япония жана Европанын бир катар өлкөлөрү да арзан чабуул коюучу дрондорду массалык түрдө чыгарууга жана колдонууга багыт алууда.
«Дүйнө Ирандан үйрөнүп жатат», — деп жыйынтыкталат материалда.