Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын, ошондой эле АКШнын өкүлдөрү Астанада башталган C5+1 Super Intelligence (SI) конференциясына катышууда. Иш-чара жасалма интеллектти (ЖИ) АКШнын президенти Дональд Трамп сунуштагандай, «суперинтеллект» деп атоо демилгесине арналган.
Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, конференциянын негизги темалары нейрондук тармактарды өнүктүрүү, санариптик инфраструктураны жана маалыматтарды иштетүү борборлорун түзүү, ошондой эле киберкоопсуздукту чыңдоо жана америкалык технологиялык компаниялар менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелери болду.
Бул артыкчылыктар C5+1 өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтык жаатындагы ниеттери тууралуу биргелешкен билдирүүсүндө бекитилген.
Министрликтен белгилешкендей, Астанадагы иш-чара өткөн жылдын ноябрь айында Вашингтондо Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери жана АКШнын президенти катышкан C5+1 саммитинде жетишилген макулдашуулардын уландысы болуп саналат.
АКШ тараптан иш-чарага Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Марк Кэмерон катышты.
Ал Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрүнө 5 миллион доллар бөлгөнүн билдирди. Бул каражаттар санариптик технологияларды өнүктүрүүгө, кибергигиенаны жакшыртууга жана маанилүү инфраструктураны коргоого багытталат.
Дипломаттын белгилешинче, бул демилге АКШнын Борбор Азиянын санариптик келечегин кыйла коопсуз жана ишенимдүү кылууга багытталган комплекстүү ишинин бир бөлүгү болуп саналат.