Үй Редактордун тандоосуИрандын делегациясы Нью-Йорктон АКШнын талабы менен чыгарылганы четке кагылды

Ирандын делегациясы Нью-Йорктон АКШнын талабы менен чыгарылганы четке кагылды

by Kanykey

Ирандын БУУнун Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгына катышуу үчүн АКШга келген делегациясы 28-сентябрда Нью-Йорктон алдын ала белгиленген графикке ылайык чыгып кеткен.

Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Буга чейин Axios порталы булактарына таянуу менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 28-сентябрда Иран менен эки тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгенден кийин Ирандын БУУнун Башкы ассамблеясына келген делегациясынан өлкөдөн дароо чыгып кетүүнү талап кылганын билдирген.

«Ирандын делегациясы дүйшөмбү күнү кечинде 17-сентябрда АКШнын Мамлекеттик департаментине алдын ала маалымдалган графикке ылайык Нью-Йорктон чыгып кетти. Эч кандай натыйжага жетише албаган Мамлекеттик департамент негизсиз жана пайдасыз маалыматтарды таратууга өттү», — деп айтылат Ирандын БУУдагы миссиясынын X социалдык тармагындагы баракчасында жарыяланган билдирүүдө.

28-сентябрда АКШ менен Ирандын ортосундагы мамилелерде дипломатиялык жылыш жасоого Катарлык ортомчулар аракет кылышкан. Бирок тараптардын бири да кандайдыр бир жеңилдикке барууга даяр болбогондуктан, бул аракеттерден майнап чыккан эмес.