Иранда мүмкүн болуучу тышкы чабуулдардан коргонуу максатында уюштурулган “Жанымды берем” аттуу коомдук өнөктүгүнүн алкагында ыктыярчылар кыймылына катышкан аялдар үчүн алгачкы аскердик даярдык курсу өткөрүлдү. Бул тууралуу Tasnim News агенттиги маалымдады.
Машыгууга өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы аялдардын ыктыярчылар топторунан тандалып алынган катышуучулар тартылды.
Маалыматка ылайык, аялдар өзүн коргоо, кризистик кырдаалдарга даярдык көрүү жана аларды башкаруу, талаа шартында жашоо, куткаруу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү, аркан менен ылдый түшүү), ок атуу жана куралдардын түрлөрү менен иштөө боюнча машыгуудан өтүшкөн. Ошондой эле катышуучулар дрондорду башкарууну үйрөнүп, катаал жана өзгөчө шарттарда талап кылынган практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшкөн.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы агрессия баштаганда эл арасында өлкөнү думшмандардан коргоо максатында «Жанымды берем» аттуу коомдук өнөктүк башталып, кеңири колдоого ээ болгон. Өнөктүккө катышууну каалаган жарандар өз ыктыяры менен каттоодон өтүп, өлкөнү коргоого даяр экенин билдиришкен. Иран тараптын маалыматына ылайык, 28-февралдан бери өлкөнү тышкы коркунучтардан коргоого өз ыктыяры менен катышууга катталгандардын саны 30 миллиондон ашкан, алардын арасында кыз-келиндер да бар.