Үй КАБАРЛАРАКШ жана өнөктөштөрү Иранга каршы санкцияларды улантуу боюнча биргелешкен билдирүү жасашты

АКШ жана өнөктөштөрү Иранга каршы санкцияларды улантуу боюнча биргелешкен билдирүү жасашты

by Kanykey

АКШ жана анын 50 өнөктөш өлкөсү Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген «снэпбэк» механизминин ишке киргендигинин жылдыгына карата биргелешкен билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө Батыш өлкөлөрүнүн Ирандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн келишимдеги милдеттенмелерин бузганы айтылган эмес.

Тескерисинче, санкциялардын кайра киргизилишине негизги жоопкерчилик Иранга жүктөлүп, дүйнө өлкөлөрү Тегеранга каршы чектөөлөрдү аткарууга чакырылган.

Билдирүү 2-октябрь күнү «Жайылтпоо коопсуздугу демилгесине» (Proliferation Security Initiative) катышкан бир катар өлкөлөр тарабынан жарыяланды. Ага кол койгондордун арасында АКШ, Улуу Британия, Франция жана Германия бар.

АКШ жана анын өнөктөштөрү билдирүүдө кайра киргизилген чектөөлөрдүн аткарылышын улантарын белгилешкен.

Алар өзгөчө өзөктүк ишмердүүлүктүн сезимтал багыттарында, массалык кыргын салуучу куралдарды иштеп чыгууда же аларды жеткирүүчү каражаттарды түзүүдө колдонулушу мүмкүн болгон жабдууларды, технологияларды жана материалдарды өткөрүп берүүгө жол бербөөгө басым жасашкан.

Ошондой эле билдирүүдө АКШнын Иранга каршы санкциялары «экономикалык обочолонтуу операциясы» деп аталып, аларды колдоо билдирилген.

«Снэпбэк» деген эмне?

«Снэпбэк» — Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу 2015-жылы түзүлгөн Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынын бир бөлүгү. Ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2231-резолюциясы менен бекитилген. Механизм Иран келишим боюнча олуттуу милдеттенмелерин аткарбай жатат деген негизде санкцияларды кайра автоматтык түрдө калыбына келтирүүгө жол берет. 

2025-жылдын 28-августунда Франция, Германия жана Улуу Британия — «Евро үчтүк» өлкөлөрү — Иранга каршы механизмди иштетүү тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине билдиришкен. Алар муну Ирандын Өзөктүк келишим боюнча милдеттенмелерин «олуттуу аткарбаганы» менен негиздешкен. 30 күндүк процедурадан кийин 2025-жылдын 27-сентябрында мурдагы бир катар БУУнун санкциялары кайра күчүнө кирген. 

Башкача айтканда, 2006–2010-жылдары Иранга каршы кабыл алынган бир катар Коопсуздук Кеңешинин резолюциялары кайра колдонулуп баштаган. Алардын ичинде Ирандын өзөктүк жана ракеталык программаларына байланыштуу чектөөлөр да бар. 

Иран «евро үчтүктүн» — Франция, Германия жана Улуу Британиянын — «снэпбэк» механизмин ишке киргизүү демилгесин четке кагып, анын мыйзамдык күчү жок экенин билдирген. Тегерандын позициясын бул маселеде Орусия менен Кытай да колдоп, механизмди ишке киргизүүнүн мыйзамдуулугуна байланыштуу каршы пикирлерин билдиришкен.