Францияда жогорку класстын окуучуларынын нааразылык акциялары учурунда 24 мектеп өрттөлүп же талкаланды. Өлкө боюнча 400–500 окуу жайда сабактар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Франциянын улуттук билим берүү министри Эдуар Жеффре France 2 жана France Inter телеканалдарынын эфиринде билдирди.
«Бул биздин кызматкерлер үчүн да, окуучулар үчүн да коркунуч жаратып жатканы айдан ачык. Улуттук билим берүү системасынын 78 кызматкери жаракат алды. Биз буга чейин мындай көрүнүшкө эч качан күбө болгон эмеспиз. Аларга атайын кол салуу жасалды», — деди Жеффре.
Нааразылык акциялары 21-сентябрда Париждин четиндеги Кретей шаарындагы Сен-Экзюпери лицейинде башталган. Кийин акциялар өлкөнүн бардык аймактарына тез жайылган. Убакыттын өтүшү менен нааразылык акциялары шаарлардагы башаламандыкка айлана баштаган. Нааразы болгондор полиция кызматкерлерин көздөй фейерверктерди атышып, өрт коюп жана башаламандык уюштурушкан.
https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1511797654100066%2F&show_text=false&width=660&t=0
Жогорку класстын окуучулары класстардагы окуучулардын көптүгүнө, мугалимдердин жетишсиздигине, билим берүү мекемелеринин начар абалына жана окуу графигинин өтө тыгыздыгына нааразы болушууда.
3-октябрда Франциянын бийлиги нааразылык акциялары маалында 5 миңден ашуун адам кармалганын билдирген. Франция өкмөтү нааразылык акцияларынын радикалдашуусунун артында Жан-Люк Меланшондун «Баш ийбеген Франция» (LFI) партиясы менен байланышы бар ашынган солчул топтор турат деп билдирүүдө.